super.kg logo

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков добуш берүү күнү шайлоо участкаларында коопсуздук чараларын күчтөндүрүүнү тапшырды

 

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков добуш берүү күнү шайлоо участкаларында коопсуздук чараларын күчтөндүрүүнү тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

"Жеңиш Разаков бүгүн, 3-декабрда Ош облусу боюнча жумушчу сапарынын жүрүшүндө аймактагы бир катар объектилердин абалы менен таанышты. Тактап айтканда, Жеңиш Разаков Ош облусундагы Папан суу сактагычына барып, анын антитеррористтик жактан корголушунун абалы менен таанышты. Андан соң Ноокат районунун бир катар шайлоо участкаларын кыдырды", - деп айтылат маалыматта.

Жеңиш Разаков аймактык укук коргоо орган жетекчилерине Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо жана референдумга добуш берүү күнү тийиштүү коопсуздукту камсыздоо боюнча жыйынтык чараларды кабыл алууну тапшырганы маалым болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: