super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 5-ДЕКАБРЬ: 3 жыл мурун Мелис Мырзакматов Ош шаарынын башчылыгынан бошотулган

 
Мындан 3 жыл мурун Мелис Мырзакматов Ош шаарынын башчылыгынан бошотулган. Анын кызматтан алынгандыгы тууралуу буйрукка 5-декабрда ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койгон. Жаңы шаар башчысы шайлангыча мэрдин ордуна Ош шаарынын биринчи-вице-мэри Алимжан Байзаков убактылуу дайындалган.
Өкмөт Мелис Мырзакматовдун кызматтан бошотулуусу Ош шаарынын жетекчилигине боло турган шайлоого байланыштуу кабыл алынган чечим экенин, ошондой эле мэрди бошотууда өкмөт башчы конституциялык укугунан пайдаланганын билдирген. Мелис Мырзакматов Ош шаардык кеңешине шайлоодон кийин, 2012-жылдын март айынан тарта мэрдин милдетин аткаруучу болуп иштеп келген. "Милдетин аткаруучу деген статус - өкмөт башчы шаардык кеңеш менен макулдашпай туруп, мэрди кызматтан четтете алат дегенди түшүндүрөт", - деп билдиришкен өкмөттөн.

5-декабрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: