super.kg logo
  Саясат  

Депутат Ширин Айтматова Саламаттыкты сактоо министрине сыркоолорду дарылоого байланыштуу кат жолдоду

 

ЖКдагы “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Ширин Айтматова 22-апрелде Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеванын дарегине сыркоолорду коопсуз, сапаттуу, натыйжалуу эритропоэтин дарысы (Эритропоэтин – анемиянын ар кандай түрлөрүнөн алдын алчу жана дарылачу дары-дармек) менен камсыз кылууга чакырган кат жөнөттү. ЖКнын маалымат кызматына таянсак, каттын мазмуну төмөндөгүдөй: 

 

"Эритропоэтин дарысы менен камсыз кылуу эч качан депутаттык жумушчу топтун ишине жана фармацевттик рынок субъектилеринин күндөлүк соттук доолоруна көз каранды болбоого тийиш. Эритропоэтинди мамлекеттик сатып алуулар КРнын мыйзамдарынын талаптарына ылайык гана жүргүзүлүүсү керек. Сатылып алынган эритропоэтиндердин техникалык өзгөчөлүгү анын коопсуздук, сапаттык, натыйжалуулук талаптарына жараша иштелип чыгууга тийиш".

 

Ширин Айтматова ММКлар тарабынан тескери маалымат таркатылышы да мүмкүн экендигин белгилейт: 

 

"Саламаттыкты сактоо министрлиги ММКларда жарыялана турган калк зарыл болгон жардамдан четте калды дегендей жосундагы терс маалыматтарды четке кагуусу керек. Фармацевттик рыноктун таза эмес субъектилеринин депутаттык жана башка текшерүү жүрүмдөрүнө басым жасоо максатында атайлап тараткан ушак-айыңдары тууралуу сыркоолорду кабардар кылып турууга тийиш. Чын-чынына келгенде, андай текшерүүлөр саламаттыкты сактоо тармагынын күндөлүк ишине жолтоо деле болбойт".

 

Депутат ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын бекитилген бюджеттин алкагында сыркоолорду өтө зарыл болгон дары-дармектер менен үзгүлтүксүз камсыз кылуусу үчүн ыйгарым укугу жетиштүү экендигин баса белгилейт. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: