Жумгал районунда мал уурулукка шектелген жаран кармалды
29-ноябрь күнү Жумгал РИИБинин кызматкерлерине 37 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Анда ал белгисиз адам короосунда байланып турган торпогун, 3 баш коюн уурдап кеткенин айткан.
"Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 28 жаштагы А.Т. кармалган. Анын короосунан жалпы 23 мал табылган. Алардын баары уурдалганы аныкталып, ээлерине кайтарылды. Ал эми кылмышка шектүү тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.