super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 5-ДЕКАБРЬ: 7 жыл мурун Орусиядагы түнкү клубдардын биринде өрт чыгып, 156 киши каза болгон

 

2009-жылы 5-декабрда Орусиянын Пермь шаарындагы "Хромая лошадь" түнкү клубунда өрт чыгып, 156 киши каза болгон. Ал күнү клубдун ачылышынын 8 жылдыгы өткөрүлүп жаткан. Клубда 50 гана орундук болсо, коноктордун саны 300гө жеткен. Имараттын ичинде фейерверк аттырылып, андан чыккан оттун учкундарынан шыптардагы мажүрүм талдан жасалган жасалга өрттөнгөн. Өрттүн бат жайылышына дубалдын дагы пластик жасалгалоосу жана пенопласт себеп болгон.

Өрттү байкаган алып баруучу бардык кардарлардан имараттан чыгууну өтүнгөн, бирок алардын саны жана эмеректин көптүгүнөн имараттан чыгуу оор болгон. Күйүп жаткан желимден уулуу түтүн чыгып, жарык өчүп, кардарлар дүрбөлөңгө түшүп, тыгын пайда болгон. Кырсык тууралуу имараттан чыккан кардар клубдан 100 метр алыстыкта жайгашкан өрт өчүрүүчү бөлүмгө кабарлаган. Бирок өрттү өчүрүү иштери имараттын ичинде каза болгондорду жана жабыр тарткандарды эвакуациялоо үчүн токтотулган.

5-декабрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.12.2016. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жети жыл оттуп кеттиби ушул окуядан кийин..... Эсимден кетпейт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: