super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Эл акча топтоп, ӨКМга тик учак сатып бергени жатабы?"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эл акча топтоп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тик учак сатып бергени жатат" деген тема талкууга алына баштады.

Темада автор: "Соцтармактардын колдонуучулары демилге көтөрүп, ӨКМга тик учак сатып берүү үчүн акча топтоп жатышат, "көптөгөн турак жайлар, кампалар өрттөндү, бизде бир дагы суу чачуучу тик учак жок экен" деп. Өлкөбүздүн келечегине кайдыгер карабаган адамдарды акцияга катышууга чакырды, көз карашыңар кандай, ушул туурабы?" - деп суроо салган.

Буга жооптор:

"Бизде эмне үчүн баарын эл жасашы керек? Мамлекет эмне кылып отурат? Ак үй өрттөнүп кеткенде эстерине келишеби?"

"Ак үй өрттөнүп кеткенде Көк үйгө көчүшөт, Көк үй өрттөнсө, тескерисинче".

"Мамлекеттин өрт өчүрүүчү тик учактан башка маселелери жетиштүү, ал жакка ишенсек ачка калабыз. Ошон үчүн демилгечилерди колдойм. Андан да жакшысы, бул демилге ишкерлер арасында көтөрүлсө сонун болмок".

"Бир чети жакшы, бир чети коңшулар же бүт дүйнө укса "позор" да. Биз кандай мамлекетте жашаарыбызды ушул нерседен байкасак болот. Ак үйүбүз "долина крокодилов", Көк үйүбүз "долина голодных волков".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
07.12.2016. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мына сага окмот!
07.12.2016. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы демилге чындыгында, бирок ушинтип эл акча топтоп өрт өчүрүүчү самолёт алып берген болсо анда биздин мамлекет акырындап көптөгөн зарыл буюмдарды элге түртүп койо беретго дейм, ашар жолу менен алабыз, кокуй бюджетте акча жок деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: