Камчы Көлбаев боюнча өтүп жаткан сотто жабырлануучу тарап "күбө жалган маалымат берди" деп нааразы болду

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кримавторитет Камчы Көлбаев боюнча 2-соттук отурум өтүп жатат. Алгач күбө катары Арзымат Бурканов суралган болчу. Андан соң жабырлануучу тарап күбө жалган маалымат бергенин айтып чыкты. Алардын бири Бакыт Бекбоев буларды айтат:
"Арзымат Бурканов менин кудам болот. Камчы Көлбаевдин энеси менин тууганым. 2005-жылы мен Алматыда болчумун, өзүмдүн курулуш ишканам бар эле. 2007-жылы Медер Кожакметов менен Арзымат Бурканов экөө сүйлөшүп алышып, мага тиешелүү мүлктү алдап өздөрүнө тартып алышкан. 2008-жылы Бурканов 4 унаамды, Кожакметов 2 унаамды алган. Бурканов эми Германияга качып кеткени жатат, муну кармап, жоопко тартпасаңар ал кетет. Анын бүгүнкү сот ишинде айткандарынын баары жалган”.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.