super.kg logo
  Саясат  

Депутат Туратбек Мадылбеков класстык чиндерди берүүдө калыстык болбой жатканын айтып чыкты

 
ЖКдагы "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбеков класстык чиндерди берүүдө адилеттик жок деп эсептейт. Ал мындай пикирин 23-апрелдеги Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин жыйынында айтты. Мадылбеков билдиргендей, жакында эле бир катар саясатчылар класстык чин алышып, айрымдарына берилбей калды. "Менимче, депутаттардын жарымынан көбү чин алышты. Аларды кандай негизде бөлүштүрүп бергенин мен билбейм. Мен 20 жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеп келе жатам. Ал эми чинди кечээги эле жаш балдар алышты. Мындан сырткары андай чинди өмүр бою бизнес менен алектенип жүрүп кийин депутат болгондор алышты. Ушул акыйкаттыкпы?"- деди эл өкүлү. Ал ошондой эле чиндердин адилетсиз бөлүштүрүлүшүнө юридикалык баа берилиши керектигин баса белгиледи.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: