Сокулукта Патрулдук милициянын кызматкерин сүзүп кеткен айдоочу табыла элек
Сокулукта Патрулдук милициянын кызматкерин сүзүп кеткен айдоочу табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
"Учурда жол кырсыгына себепчи болгон айдоочу изделүүдө. Ал тууралуу маалыматы барлар 102 же (0702) 00-50-05 номуруна чалышса болот. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет. Ошондой эле так маалымат бергендерге сый акы убадаланат", - деп билдиришти Чүй ОИИББинен.
Айта кетсек, окуя 28-ноябрь күнү саат 02:50 чамасында Сокулук районунда болгон. Анда Патрулдук милициянын кызматкерин белгисиз айдоочу унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Анын кесепетинен кызматкер алган жараатынан улам каза тапкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
0

бугуну менделе кутум чыкпадыго бугун дп кайра кайра кирип чыктым. же календардан адаштымбы дейм