super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков "экспортту жандантуу керек" дейт

 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргыз мамлекетинде экспортту жандантуу тапшырмасын берди. Экспортко товар чыгарган ишканалардын тизмесин түзүп, алардын каржылык колдоо алышын, потенциалын, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жакшыртуу зарылдыгы айтылды. 5-декабрда өкмөттө Экономика министрлигине караштуу Экспорт жана инвестиция тартуу агенттигинин директору Алымбек Орозбеков туризм, курулуш, жеңил өнөр жай тармагында ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор жөнүндө маалымат берди. Премьер-министр бул долбоорлордун айрымдары бир топ жылдан бери алдыга жылбай жатканын белгилеп, инвесторлор кабылып жаткан кыйынчылыктарды чечүү үчүн ар бир инвестор менен жекече иштешүүнү буюрду. "Мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк концепциясы боюнча мамлекеттик органдардын, облустардагы өкүлчүлүктөрдүн билимин жана маалыматка жеткиликтүүлүгүн көтөрүүгө басым жасалууга тийиш", - дейт Жээнбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: