Бишкекте айдоочулар менен милиция кызматкерлеринин мушташы боюнча кылмыш иши козголду
Бишкекте айдоочулар менен милиция кызматкерлеринин мушташы боюнча "бийлик өкүлүнө кол көтөрүү" жана "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Олжобай Казабаев билдирди.
Анын айтымында, окуя 6-декабрга караган түнү Көк-Жар конушунда болгон. Анда милиция кызматкерлери жол жээгинде токтоп турган "Кара-Жорго" деген белги илинген унааны текшерүүгө алышкан. Унаанын ичинде 1990-жылы туулган айдоочу Мирлан Таалайбеков жана жүргүнчү 1993-жылы туулган Урмат Эркинбек уулу болгон. Кийин айдоочу "милиция кызматкерлери сабашты" деп такси кызматынын башка айдоочуларын жардамга чакырган. Анын кесепетинен эки ортодо түшүнбөстүк чыгып кеткен.
"Чырды милиция кызматкерлери асманга ок атуу менен токтотууга аракет кылышкан, бирок айдоочулар ага да баш ийишкен эмес. Кийин окуя болгон жерге Патрулдук милициянын кызматкерлери келишкен. Мушташтын кесепетинен аймактык инспектор Н.Абдыкадыров жабыркап, ооруканага жеткирилген. Ал эми мушташка шектүү катары кармалгандын бири Мирлан Таалайбеков убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Экинчиси Урмат Эркинбек уулуна баңгизат колдонгону үчүн административдик протокол түзүлдү", - дейт Казабаев.
Таксисттер менен милиция кызматкерлеринин ортосундагы чыр



е?