super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 6-ДЕКАБРЬ: Медицина илимдеринин доктору, профессор Акылбек Усупбаев 60 жашка толду

 

Медицина илимдеринин доктору, профессор Акылбек Усупбаев 60 жашка толду. Ал 1956-жылы Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Аманбаев айылында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган.

Урология илимий борборунун директору, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын урология жана андрология кафедрасынын башчысы, КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы урологу, саламаттыкты сактоонун отличниги. Ошондой эле КРнын Ардак грамотасы менен сыйланган.

2000-жылы докторлук диссертациясын жактаган. 1997-жылы Бүткүл дүйнөлүк урологдор ассоциациясынын мүчөсү болуп дайындалып, 2001-жылы Европа урологдорунун ассоциациясынын мүчөсү болгон. Ал эми 2005-жылы Түрк тилдүү мамлекеттердин ассоциациясынын мүчөсү, 2001-жылы Кыргыз мамлекетинин уролог-дарыгерлеринин Республикалык илимий коомунун президенти кызматын ээлеген.

А.Усупбаев 214төн ашык илимий эмгектердин, 4 монографиянын автору. Ойлоп табуу боюнча 14 патенти бар. 16 рационалдык сунуштун автору. Жетекчилиги астында 12 кандидаттык, 2 докторлук иш жакталган.

Негизги ойлоп табуулары:

  1. Уролитиаздын метапрофилактикасынын ыкмасы;
  2. Оору белгилери билинбеген бөйрөктүн таш ооруларын аныктоо ыкмасы;
  3. Таштын тыгыздыгын аныктоо үчүн линейка;
  4. Орхиэпидидимитти хирургиялык жол менен дарылоо ыкмасы;
  5. Жамбаштагы өнөкөт ооруларда антидепрессанттарды колдонуу ыкмасы.

6-декабрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
06.12.2016. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин гений врачыбыз
06.12.2016. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Агай туулган кунунуз менен!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: