super.kg logo

Түштүк Кореянын президенти отставкага кетүүгө макулдугун берди

 

Түштүк Кореядагы учурдагы саясий ызы-чуудан улам президент Пак Кын Хе апрель айында отставкага кетүүгө макул болгонун "Интерфакс" басылмасы жазып чыкты. Ал өлкөдөгү оппозициялык Демократиялык партиясы ага импичмент жарыялоого жетиштүү санда добуш бар экенин билдиргенден кийин макулдугун берген.

Эгер парламент импичмент жарыялап, Конституциялык Сот аны жокко чыгарбаса, Пак Кын Хэ президенттик ыйгарым укуктарынан айрылат. Жаңы президентти шайлоо анын отставкасынан 60 күн өткөн соң өтөт.

"Анын макулдугу кеч болуп калышы мүмкүн, себеби анын партиясындагы 29 депутат парламенттик көпчүлүктү колдогон", - деген басылма. Белгилей кетсек, өткөн жумада президентке импичмент жарыялоону 300 депутаттын 170и колдогон.

Түштүк Кореянын президентинин айланасындагы жаңжал анын жакын курбусу Цой Сун Силь "мамлекеттин ишине кийлигишти" деп кармалгандан кийин тутанган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
06.12.2016. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбаевке дагын импичмент жарыялаш керек.Бут чиновниктер,губернаторлор,мэрлер жана акимдер КСДПдан.Тышкы карызыбыз 4 млрд $ жетип калды.Завод фабрикалар жок, жумуш жок.Текебаевке комоктошуп Атамбаевке импчимпент жарыялоого кол чогултайлык.
06.12.2016. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызга, Кыргызстанга куйгон эр азаматтар чыгат болду бекен. Туманда жол таппай адашып калган Кыргызстандын колунан кармап чайыттай ачылган кунго, кок асманга жетелеп алып чыга турган патриоттор кайда...
06.12.2016. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кийинки президентттери мынчалык денгээлде онуктуро алаар бекен. Кийин окунуп эле калбасалар.
07.12.2016. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Атамбаев жакшы эле башкарды. Силер Текебаев экоонор
импчимпент жарыялаганча Мооноту бутту Андар коро кийинки келе турган Президентти Темир Сариевди ойлогула
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: