super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 7-ДЕКАБРЬ: Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султанов 41 жашка толду

 

Бүгүн, 7-декабрда Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султанов 41 жашка толду. Ал 1975-жылы 7-декабрда (документ боюнча 1976-жыл, 4-январь) Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Мырзаке айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 2 уул, 1 кыздын атасы. Электрондук эсептөөчү техникалардын өндүрүшү тармагы боюнча билим алган, финансы жана кредит бөлүмүндө экономист адистигине ээ болгон.

2002-жылы - “Супер-Инфо” гезитин негиздеген;
2002-2008-жылдары - "Супер-Инфо" гезитинин башкы редактору;
2005-жылдын ноябрь айында www.super.kg порталын негиздеген;
2008-2009-жылдары - ЭлТР телеканалынын башкы директорунун орун басары;
2009-2012-жылдары - "Компьютер-Пресс" жоопкерчилиги чектелген коомунун президенти;
2012-жылы - КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы;
2012-2013-жылдары - Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министри;
2014-жыл, 20-ноябрь - Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган;
2016-жыл, 18-август - Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси кызматынан кеткен;
2008-жылы - “Улуттук гезит” сыйлыгынын “Жылдын медиа менеджери” наамынын ээси болгон;
2011-жылы - Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

7-декабрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: