Алмазбек Атамбаев Тышкы иштер министрине Бишкекте өтүүчү ШКУнун саммитин жогорку деңгээлде уюштуруу тапшырмасын берди
Алмазбек Атамбаев менен Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев пикир алышууда


Алмазбек Атамбаев менен Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев пикир алышууда

КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев
Бүгүн, 23-апрелде президент Алмазбек Атамбаев КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Жолугушуу учурунда министр өлкө башчысына өзүнүн Казакстан жана Кытай өлкөлөрүнө болгон иш сапарынын жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Ошондой эле быйыл Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммити тууралуу да сүйлөшүү болду. Президент ШКУнун саммитин жогорку деңгээлде уюштурууну Эрлан Абдылдаевге дайындады. Мындан сырткары Жамааттык коопсуздук кеңешинин формалдуу эмес сессиясына даярдыктарды көрүү боюнча пикир алышуу болгонун президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

