super.kg logo

Омбудсмен Түркиядагы "террордук уюмга катыштыгы бар" делип кармалган кыргыз жаранын бошотууну тездетүүнү суранды

 

Омбудсмен Кубат Оторбаев Түркиянын омбудсмени Мухмет Элькатмиш менен жолугуп, мигранттар тууралуу сүйлөшүштү. Мындан сырткары Оторбаев камактагы Кыргыз Республикасынын жарандарын бошотууну тездетүүнү суранды. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда укук коргоочунун басма сөз кызматы билдирди.

"Учурда Түркиядагы кыргыз жараны Икрамжан Токтосунов абакта. 2006-жылы 5-сентябрда түзүлгөн келишимдин негизинде ага укуктук жардам берүү өтүнүчү Түркиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан тиешелүү органдарга жиберилип жатат.

Ошондой эле кыргыз жараны А.Жороеванын уулу 2014-жылкы Самир Дарендалини Кыргыз өлкөсүнө кайтаруу маселеси козголду. Баланы 2014-жылы Түркиянын жараны, анын атасы Нежати Озгун Дарендали мыйзамсыз түрдө алып кеткен", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуу учурунда Оторбаев Түркиянын укук коргоочусуна ал жактагы жогорку окуу жайда окуп, түркиялык укук коргоо органдары тарабынан кармалган Кыргыз Республикасынын жарандарын тезирээк бошотууга көмөк көрсөтүшүн суранганы маалым болду.

"Мисалы, А.Исмаилов Газиантепте контракттык негизде окуп, Түркиянын аймагында мыйзамдуу түрдө жүрөт жана террордук уюмга эч кандай тиешеси жок. Миграция башкармалыгынын кызматкери Түркиянын Ички иштер министрлигинин Миграциялык башкармалыгына бул тууралуу билдирүү жөнөтүлгөнүн, жооп алынган соң кармалган жаран бошотуларын кабарлашты", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Түркияда Кыргыз Республикасынын жарандары визасыз 90 күн жүрө алышат. 2016-жылы ал өлкөгө барган жарандарыбыздын саны 25 миңди түзгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: