super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 7-ДЕКАБРЬ: 28 жыл мурун Арменияда 25 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган зилзала катталган

 

Мындан 28 жыл мурун, 1988-жылы 7-декабрда саат 11:41де Арменияда күчтүү жер титирөө болгон. Жер астындагы катуу силкинүүлөр жарым мүнөттө өлкөнүн 1 миллион калкы бар түндүк бөлүгүн талкалаган. Эпицентр болгон Спитак шаарында жер титирөөнүн күчү 11,2 баллга жеткен. Кырсыктын кесепетинен 25 миңден ашуун адам курман болуп, 19 миңге жакын адам майыпка айланган. 530 миң адам турак жайсыз калган.

Спитак шаары жана 58 айыл толугу менен кыйроого учураган. Ал эми Ленинакан, Степанаван, Кировакан жана башка 300дөн ашуун калк жашоочу аймак зыян тарткан. 600 чакырым унаа жолу жана 10 чакырым темир жолу жарактан чыгып, 230 өнөр жай ишканасы бузулган.
Кырсыктан кыйраган Армения өлкөсүн калыбына келтирүү үчүн 45 миң куруучу иштеген. Жыл сайын 7-декабрда Арменияда бул жер титирөөнүн курмандыктарын эскерип турушат.

7-декабрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.12.2016. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактааа
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: