super.kg logo

Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан каражат бөлүнсө, Кербен шаарынын борбордук көчөлөрүн оңдоо башталат

 

Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан каражат бөлүнсө, Кербен шаарынын борбордук көчөлөрүн оңдоо башталат. Бул тууралуу аталган шаардын мэри Абдымалик Апсаматов SUPER.KG порталына бүгүн, 7-декабрда кабарлады.

"Быйыл борбордук көчө кеңейтилип, суу агуучу лотоктор, таштанды таштоочу челектер жергиликтүү бюджеттин эсебинен орнотулду. Эми лотоктордун четин асфальт төшөөгө даярдап жатабыз. Жолду толугу менен оңдоо иштерин быйыл бүтүрүү планыбыз бар болчу, бирок жергиликтүү бюджеттен каражат жетпей калган. Эми жолго асфальт төшөө үчүн каражат Транспорт жана жолдор министрлигинен бөлүнөт. Жолду оңдоо долбоорун иштеп чыгып, министрликке жиберип, 2017-жылдын планына киргизебиз", - деди мэр.

Жогоруда айтылган суу өтүүчү лотоктор 1 миллион 981 093 сомго коюлуп, узундугу 1161 метрди түзөт.

Эскерте кетсек, окурман Кербен шаарынын борбордук көчөсү оңдолбой жатканын кабарлаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.12.2016. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окурман жоноткон кабарда аябай эле мусор болчуго кочонун баары,тазалап койгонбу йа?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: