super.kg logo

Өрт өчүрүү агенттиги: "Былтыркы Жаңы жыл майрамында 19 өрт кырсыгы пиротехниканын айынан болгон"

 

2015-жылдын 31-декабрынан 2016-жылдын 1-январына караган түнү 36 өрт кырсыгы катталса, анын ичинен 19у пиротехниканын айынан болгон. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин Өрттүн алдын алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Ташманбетов билдирди.

"31-декабрдан 1-январга караган түнү өлкө боюнча 19 өрт кырсыгы пиротехниканын айынан болгон. Анда көбүнчө үйлөрдүн чатырлары, короодо жыйылган чөптөр өрттөнгөн. Башка күндөрү пиротехникадан улам чыккан өрт кырсыктары катталган эмес. Ал эми жаракат алгандар тууралуу бизге маалымат түшкөн эмес", - деди Ташманбетов.

Мындан сырткары Н.Ташманбетов жарандарды пиротехниканы сатып алардан мурда сертификатын кароого, эрежелерди сактоого чакырды.

"Эгер пиротехниканы колдонуучулар бар болсо, күйүүчү буюмдардан, имараттардан, башка адамдардан 5-10 метр алыстыкта колдонгула демекчимин. Ошондой эле сапатына көңүл буруп, сөзсүз түрдө сертификатын караңыздар", - деп кошумчалады Ташманбетов.

Эскерте кетсек, Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция Кыргыз өлкөсүндө пиротехникалык каражаттарды сатууга жана колдонууга тыюу салган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: