super.kg logo

Кыргыз жарандары Казакстанда 30 күн каттоосуз жүрүү укугуна ээ болуша элек

 

Кыргыз жарандары Казакстанда 30 күн каттоосуз жүрүү укугуна ээ болуша элек. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчылыгынан билдиришти.

"Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн жарандары бири-биринин аймагында каттоосуз 5 гана күн жүрө алышат. Буга чейин 30 күн каттоосуз жүрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу боюнча маселе көтөрүлгөн. Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында тең укуктуулукту жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасы менен Казакстандын парламенттери мыйзамды жактырышы керек. Андан соң өлкө башчылары кол коюп, мыйзам күчүнө кириш керек. Азырынча андай аракеттер боло элек", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, буга чейин Кыргыз Республикасынын аймагында 30 күн каттоосуз жүрүү укугуна Орусиянын жарандары гана ээ болушкан. Ошол эле учурда Кыргыз өлкөсүнүн жарандары да Орусияда 30 күндүк мөөнөткө чейин каттоосуз жүрүү укугуна ээ болушкан.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстанда каттоосуз жүрүү мөөнөтүн узартуу маселеси мындан 6 ай мурда айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
07.12.2016. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
и болбойт дагы,оз боордошун бооруна тебет дегени ушул болот!
07.12.2016. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен мурдагы куну тактап айтканда 5-декабрда Кордайга чыгып келдим. Кайра Ркга киргенде казак регистратордон сурасам" У нас ещё нет никаких указаний по этому поводу. Так что, ставите на учёт как прежде в течении пяти дней"-деп жооп берди.
А бирок, мага азыркыдай эле 3 айга 2500т толоп иштоо деле ынгайлуу. Ай сайын жолго акча кетирбей. Базарда соода менен алектенгендерге кыйын болсо керек менимче товар ташыганы тез-тез каттаган учун.
07.12.2016. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мамлекетин алсыз болсо башка олколор тоготпойт экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: