ЖЫЛНААМА, 7-ДЕКАБРЬ: 75 жыл мурун Япония америкалык Пёрл-Харбор портуна кол салган

Мындан 75 жыл мурун, 1941-жылы 7-декабрда Япония америкалык Пёрл-Харбор портуна кол салып, бул окуя АКШнын Экинчи дүйнөлүк согушка катышуусуна түрткү берген. Япония өзүнүн армиясынын жана флотунун Түштүк-Чыгыш Азиядагы жүрүштөрүн эркин кылыш үчүн Пёрл-Харборго кол салган. 7-декабрда япон учактары Оаху аралындагы аэродромдорго жана Пёрл-Харбордогу кемелерге сокку беришкен.
АКШ көптөгөн кемелерин, учактарын жоготкон. Америкалыктардан 2403 адам өлүп, 1178и жарадар болгон. Натыйжада Япония өзүнө 6 ай эркиндик камсыздап, Түштүк-Чыгыш Азиядагы көптөгөн шаарларды басууга жетишкен. Бирок Япониянын союздаштары ага жардам бербей, АКШ элдешүүдөн баш тартып, Япония жеңилип калган.
7-декабрга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

