super.kg logo

Улуттук банк: "2016-жылы чыгарылган 200 сом номиналындагы А.Осмоновдун портретинде 2010-жылы чыгарылган банкноттогу элеси эле чагылдырылган"

 

Социалдык тармактарда активисттер 2017-жылдын 1-январынан тарта өлкөдө улуттук валютанын өркүндөтүлгөн 200 сом номиналындагы акын Алыкул Осмоновдун элесинде көзү кылый болуп калганын талкуулап жатышат. Активисттердин талкуусуна Улуттук банк төмөнкүдөй жооп кайтарды:

"2016-жылы чыгарылган өркүндөтүлгөн 200 сом номиналындагы Алыкул Осмоновдун портретинде 2010-жылы чыгарылган IV сериядагы 200 сомдук банкноттогу элеси эле чагылдырылган. Өркүндөтүлгөн 2016-жылкы банкнотто бир гана бул портретти аткаруунун техникалык ыкмасы өзгөртүлгөн. Башкача айтканда, банкнотко түшүрүүнүн классикалык ыкмасы – техникалык колго жасоо гравировкасы колдонулган. Ошого жараша фотопортретте чегип жаратуу түзүлдү. Бул технологияны колдонуу ыкмасынын натыйжасында 2016-жылы чыгарылган IV сериядагы өркүндөтүлгөн банкноттор даана көрүнүп, бир кыйла көркөмдөлдү. Белгилей кетсек, улуттук валютадагы бардык банкноттордун портреттери эч кандай өзгөртүүгө дуушар болгон жок".

Ал эми номиналдардын жасалгалоосу, алардагы инсандардын портреттери Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 7-августундагы №280-буйругу менен кабыл алынганын белгилешкен.

2010-жылы чыгарылган IV сериядагы банкнотторду жүгүртүү процессинин негизинде, Улуттук банк калктын суроо-талаптарына жараша, портреттер даана эмес жана “бүдөмүк” калыпта көрүнүп жаткандыгын эске алганын кошумчалашкан Улуттук банктан.

"Ушуга байланыштуу Улуттук банк тарабынан банкноттордун техникалык мүнөздөмөсүнө бир аз өзгөртүү киргизүү чечими кабыл алынган. Анын негизинде эл көнүп калган банкноттун жалпы көрүнүшү сакталып, "Mask TM" жаңы элементин колдонуу аркылуу банкноттун коргоо комплексин бекемдөө каралган", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
07.12.2016. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Урматтуу улуттук банк, уят!!! Жаны банкнотто Алыкулдун көзү кылый болуп калганы көрүнүп эле турбайбы, ушуну да танып кеткинер барбы? Эски банкнотто адамдын сол көзүнүн агы көрүнүп турат, экинчиде жок. Улуу адамды шылдыңдоого барабар көрүнүш бул.
07.12.2016. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Дагы жанагы ХХХ Кормушкина деген чын эле козу ошондой болгон окшойт дейт го. Алыкул жонундо билбей туруп ХХХ.Оргиналдагы суротто жакшынакай эле болуп турбайбы. Ондоп басып чыгарсын УБ.
Модератор admin_portal түзөттү 2016-12-07 18:18:49
07.12.2016. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
tynkatar03, этика нормаларын сактаңыз!
07.12.2016. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бакиевсилер кунолуу деп жазып койгула улуттук банктагылар
07.12.2016. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайра басып чыгаруу керек болуп калыптыр. Ката кетиргендерге катуу чара колдонуп, чыгымды толотуш керек.
07.12.2016. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушинитип чыгарганча, чыгарбай эле койгулачы! Бул шылдың кылганга барабар го! Даана эле айырмасы көрүнүп турбайбы?!
07.12.2016. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Menda karshymyn myndai akcha chygyshyga
07.12.2016. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Карамушкина,Анварга окшогондор иштесе керекда валютанын устунон.
07.12.2016. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Озбектер бир тарыхый суроту жок Амир Темирдин суротун сонун кылып жасап чыгышса силер даяр суротту артык кылам деп тыртык кылыпсынар
08.12.2016. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Уят э озунорчо кыйын болбогулачы ошол 200 жузду иштетип эле атасынар... Карапайым эл биздин селерди тилибиз эле бар колубуздан тартып трибунага чакырып суйло десе корот элек суйлогонунорду.. Башка нерсени талкуулагылачы
ularik_kg түзөттү 2016-12-08 01:46:57
08.12.2016. 05:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыларга жумуш таппай ушуну кылышыптырбы
08.12.2016. 08:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дагы кичине кооздошкондо козун жок кылып коймок экен
08.12.2016. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Косметикалык колокосун кылып койуу керек экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: