super.kg logo

Барак Обама 8 жылдык башкаруу мөөнөтүндө эс алууга жана саякаттоого 85 миллион доллардан ашуун каражат короткон

 

АКШнын президенти Барак Обама 8 жылдык башкаруу мөөнөтүндө үй-бүлөсү менен эс алууга жана саякаттоого 85 миллион доллардан ашуун каражат короткон. Бул тууралуу АКШнын Жашыруун кызматынын президенттин үй-бүлөсүнүн чыгашалары тууралуу документтерине ээ болгон "Judicial Watch" уюму жазып чыккан.

Орточо эсеп менен жылына президенттин үй-бүлөсү 10 миллион доллардай коротчу. Бул сумма коопсуздук, учуу, көчүү чыгашаларын, кызматкерлеринин унааларынын ижарасын, мейманканалардагы номерлерин да жапкан. "Judicial Watch" 2015-жылы Обаманын Гавайидеги эс алуусу 4,8 миллион долларды түзгөнүн кошумчалап, 85 миллион доллар акыркы көрсөткүч эмес экенин белгилеген.

Маалыматка ылайык, президенттин айлыгы жылына 400 миң долларды түзсө, жылына дагы 50 миң доллар коротуу мүмкүнчүлүгү бар. Ага фонддон саякаттоого жылына 100 миң жана эс алууга 19 миң доллар бөлүнүп турат.
Обама отставкага 2017-жылы 20-январда кетет. Ал эми жаңы шайланган президент Дональд Трамп айлык акысынан баш тартып, жылына 1 доллар үчүн гана иштээрин билдирген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
07.12.2016. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
20ноябрда эмес 20январда Трамп дагы бир жыл кутмок беле
08.12.2016. 04:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2016-12-08 11:36:56
08.12.2016. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aima94, этика нормаларын сактаңыз!
08.12.2016. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Январь деп эле тураткоо менимче
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: