super.kg logo
  Спорт  

Чемпиондор Лигасы: "Реалдын" футболчулары "Боруссияга" каршы турушат, "Лестер" командасы "Портунун" тагдырын чечет (анонс)

 

Футбол сүйүүчүлөрү үчүн майрам бүгүн да уланат. Бүгүн, 7-декабрда Чемпиондор Лигасында "E", "E", "G" жана "H" тайпаларында экиден оюн орун алмакчы. Бардык беттештерге 01:45те старт берилет.

Күндүн негизги оюндарына токтолуп өтөлү.

“E” тайпасы

"Тоттенхэм" (Англия) - ЦСКА (Орусия)

“Байер” (Германия) – “Монако” (Франция)

"Е" тайпасында франциялык "Монако" 1-орунду (11 упай), германиялык "Байер" 2-орунду (7 упай) камсыздап, плей-офф баскычына жолдомо алышкан. Бул күнү командалар өз ара ойноп, жаңы жыл алдында күйөрмандардын жүзүнө жылмаюу тартуулаганга аракет кылышмакчы.

Ал эми негизги кармаш "Тоттенхэм" (4 упай бар) менен ЦСКАнын (3 упай) ортосунда болот. Алар өз ара 3-орунду талашып, Европа Лигасына жолдомо алууга аракет кылышмакчы. Маалымат үчүн айта кетсек, Лондондо өтө турган бул оюндан кийин ЦСКАнын башкы машыктыруучусу Леонид Слуцкий машыктыруучулук кызматтан бошотулат. Аны узатуу кечеси оюндан кийин Лондондогу ресторандардын биринде өтмөкчү. Андыктан орусиялыктар жазында Европа Лигасында ойноо жана машыктыруучуну жакшы маанайда узатуу үчүн жеңишке аракет кылышат.

“F” тайпасы

“Реал” (Испания) – “Боруссия” (Д, Германия)

“Легия” (Польша) – “Спортинг” (Португалия)

Учурда "Боруссиянын" карамагында 13 упай, "Реалда" 11 упай бар. Командалар мелдештин 2-турунда беттешип, анда 2:2 эсебиндеги тең чыгуу катталган. Упайлардын саны боюнча командалар кубалашып келе жатканда "Легиянын" футболчулары "Реалга" жолтоо болгон (3:3 эсебиндеги тең чыгуу катталган). Жыйынтыгында мадриддиктер 2 упай артта калышкан, бирок упай катыштыгында атаандаштан ашып, тайпада 1-орунду ээлеп калуу мүмкүнчүлүгүн дагы да болсо сактап келишет. Оюндун Мадридде өткөнү Зинедин Зидандын шакирттерине ишеним берип жаткан убагы.

Бул тайпада баштагыдай баары кызык. Европа Лигасына жолдомону "Спортинг" менен "Легия" талашат. "Спортинг" 2-турда атаандашын утуп (2:0 эсебинде), энчисине жазылган 3 упайды алган. Андан кийин команда упай алып көрө элек. Ал эми "Легия" мадриддик "Реал" менен тең ойноп (3:3), жалгыз упайга ээ болгон. Эми польшалыктар өз стадионунда атаандашын утуп, 3-орунду камсыздоого мүмкүнчүлүк алып отурушат.

“G” тайпасы

“Порту” (Португалия) – “Лестер” (Англия)

“Брюгге” (Бельгия) – “Копенгаген” (Дания)

Англиялык "Лестер" командасы "G" тайпасында кийинки баскычка жолдомо алган жалгыз команда (13 упай). Экинчи жолдомо үчүн "Порту" (8 упай) менен "Копенгаген" (6 упай) командасы күрөшүп жаткан убак. Эгерде "Порту" Англиянын учурдагы чемпионун ута албаса, мелдештин эшигин жаап калышы толук мүмкүн: "Копенгаген" конокто 3 упайга ээ болсо, упай катыштыгында жетип келет.

2-орунду талашып жаткан бул эки командага тең азыр Европа Лигасынын эшиги ачык, себеби "Брюгге" командасы мелдеште 1 да упайга ээ болгон жок, орун талашкан жок.

“H” тайпасы

“Лион” (Франция) – “Севилья” (Испания)

“Ювентус” (Италия) – “Динамо” (Загреб, Хорватия)

"G" тайпасындагыдай эле "H" тайпасында деле орун талашуу процесси 3 команданын ортосунда жүрдү. 5 турдан кийин 1-орунду "Ювентус" (11 упай), 2-орунду "Севилья" (10 упай), 3-орунду "Лион" (7 упай) ээлеп келет. Хорватиялык "Динамо" бардык оюндарында уттуруп, упай ала алган жок.

"Ювентус" кийинки баскычка чыкканын эске алсак, кармаш "Лион" менен "Севильянын" ортосунда жүрүп жатат. Франциялыктар жеңишти камсыздоо үчүн сөзсүз утуп, 3 упай алууга тийиш. Ал эми тең чыгуу испаниялыктарга плей-оффтун жолдомосун камсыздап берет. Өз стадионунда ойногон командага 3 упай алуу оңойбу же конокто 1 упай алуу оңойбу? Оюн дал ушул суроого жооп бермекчи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(16)
07.12.2016. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Реал вперёд!!!
07.12.2016. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Боруссия дагы оной жоо эмес..Реал алгаа
07.12.2016. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Баруссия алгаа
07.12.2016. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Боруссия не подарок. Бирок Реал женет буюрса
07.12.2016. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Реал алга
07.12.2016. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Реал алга ийгилик
07.12.2016. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
3 - 1 жениш реалдан
07.12.2016. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Баруссия утсун
07.12.2016. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Алга Реал!!!
07.12.2016. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошондо бугун болобуууу......Реал алга...биз сени м.н!!!
08.12.2016. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
17минутанын ичинде 3 гол урдуго Арда Туран ал рекордко кирбеди бекен супер билип берсегиздер
08.12.2016. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Барса жок экенда аа баарынар реалдеп калыпсынар
Реалды куттуктай бергиле
08.12.2016. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Барса ойнободубу.............
08.12.2016. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким утту...Реал кандай ойноду жазып койгула ээээ......
08.12.2016. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саат 1:45 те болот оюндар
Барса 4:0 гө утту
08.12.2016. 05:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Реал борусия 1 1. Бензема ...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: