super.kg logo

Өлкө аймагында бир жылда 1211 гектар жерге тамчылатып сугарууга ылайыкталган суу түтүктөрү орнотулду

 

Өлкө аймагында 1815 гектар жер тамчылатып сугаруу системине кошулду. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Прогрессивдүү технологияларды киргизүү борборунун жетекчиси Аскар Сагынбаев билдирди.

"Дыйкандарды жаңы багытта иштөө тартибине көндүрүү, ошол эле учурда сугат суу тартыш аймактарда сууга көз карандылыкты жоюу аракетин көрүп, тамчылатып сугаруу системин жайылтып жатабыз. 2016-жылы бир жыл аралыгында эле 1211 гектар жерге суу түтүктөрү орнотулду. Ал эми ушул күнгө чейин курулган тамчылатып сугаруунун түтүктөрү 1815 гектарга жетти", - деп билдирди Сагынбаев.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы 2016-жылдын октябрь айында жалпы 1554,5 гектар аянтка аталган систем ишке киргизилгенин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: