super.kg logo
  Саясат  

Өзбекстандын жаңы президенти Шавкат Мирзийоев алгачкы расмий сапарын Москвага жасамакчы

 

Өзбекстандын жаңы президенти Шавкат Мирзийоев алгачкы расмий сапарын Москвага жасайт. Бул тууралуу Өзбекстан өкмөтүндөгү булактарына шилтеме кылып орусиялык ММКлар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Өзбекстандын жаңы башчысынын инаугурациясы ушул жылдын аягына чейин болуп, Орусияга 2017-жылдын кышында же жазында бармакчы. "Өзбек мекемелери Шавкат Мирзийоевдин алгачкы расмий иш сапарына даярдыктар көрө баштады. Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кремль Өзбекстандын жаңы башчысынын бул ниетине жакшы баа берерин жана Мирзийоевдин сапарын күтүп жатканын билдирди", - деп жазышат басылмалар.

Мындан тышкары Мамлекеттик Думанын КМШ иштери боюнча комитетинин төрагасы Леонид Калашников экономикалык, геосаясий жана аскердик жактан алганда өзбек президентинин алгачкы сапарынын Москвага жасалышы туура экенин билдирди. "Шавкат Мирзийоев - Орусияны жана жалпы постсоветтик өлкөлөрдү жакшы билген адам. Ал Ислам Каримовдун командасында иштеген, демек, биздин мамилелерди колдоп, аларды жаңы ойлор менен толуктоого даяр", - деп билдирди ал.

Эскерте кетсек, Шавкат Мирзийоев 6-сентябрда Самаркандда Орусия президенти Владимир Путин менен жолугуп, Өзбекстан үчүн Орусия стратегиялык өнөктөш болгонун жана мындан ары да боло берерин билдирген. Анда Орусия лидери Самаркандга 3-сентябрда каза болгон Ислам Каримовду эскерүү үчүн барган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: