ЖЫЛНААМА, 8-ДЕКАБРЬ: Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин түзүлгөнүнө 25 жыл болду
Леонид Кравчук, Станислав Шушкевич жана Борис Ельцин келишимге кол койгондон кийин

Мындан 25 жыл мурун Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги түзүлгөн. 1991-жылы 8-декабрда Беларусь мамлекетинин Минск шаарына жакын жердеги Беловежск токоюнда РСФСРдин президенти Борис Ельцин, Украинанын президенти Леонид Кравчук жана Беларусь Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Станислав Шушкевич СССР жоюлуп, анын ордуна КМШнын түзүлгөндүгү тууралуу келишимге кол коюшкан. Ошол эле жылы 21-декабрда Алматы шаарында жогорку 3 мамлекет менен дагы 9 мамлекет – Кыргыз Республикасы, Азербайжан, Армения, Грузия, Казакстан, Молдова, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан биригишип, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги түзүлгөндүгү жөнүндөгү декларацияны кабыл алышкан.
8-декабрга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

