super.kg logo

Ала-Бука-Көк-Таш унаа жолунун абалын жакшыртууга мамлекеттен каражат бөлүнгөн эмес

 

Ала-Бука-Көк-Таш унаа жолунун абалын жакшыртууга мамлекеттен каражат бөлүнгөн эмес. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда SUPER.KG порталына Ала-Бука райондук жол курулуш департаментинин башчысы Сейиталы Жороев билдирди.

"Буга чейин Ала-Бука-Көк-Таш унаа жолу эч бир ишкананын же мамлекеттин балансында жок болчу. Бул жолду кен казган компаниялардын бири куруп берген. Алар бул жолдон каттап, жолдун абалын карап, бузулган жерлерин оңдоп турушчу. Ушул жылдын 18-ноябрында биздин департаменттин балансына өткөрүлүп берилди. Мындан ары жолдун абалын 2016-жылы бөлүнгөн каражаттан үнөмдөп карап турабыз", - деп билдирди Жороев.

Сейиталы Жороевдин маалыматына ылайык, Ала-Бука райондук жол курулуш департаментинин балансына 24 чакырым жол өткөрүлүп берилген.

Эске салсак, окурман бүгүн, 8-декабрда "Элдик кабарга" Ала-Бука-Көк-Таш унаа жолунда ашууда абал начар экенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
08.12.2016. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Начар жолдору ат менен эле журуш керек
08.12.2016. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оа жолубуз аябай начар кымбат баалу машинелерди тез эле эскиртип койот ошондуктан жолду ондош керек эн жаман жер орток бел жолу
08.12.2016. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтпа менда коргом фирмалардын техникалары талкалайт оор техникалар мен ишенет элем жолду фирмаларга откоруп берсе тез жол маселеси чечилет эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: