super.kg logo

"Инфоком" мамлекеттик ишканасы "мыкты" номерлер үчүн тамгалардын жаңы сериясын ачты

 

Өз унааңа бактылуу номерди утуп жана сатып алууга үлгүрүп кал!

"Инфоком" мамлекеттик ишканасы сандардын өзгөчө комбинациясы: 001, 777, 555 жана дагы 177 башка мамлекеттик номерлер үчүн "ААВ", "ААС", "ААD" тамгаларынын жаңы сериясын ачты.

Сентябрь айында nomer.srs.kg сайтында аукциондор ийгиликтүү ишке киргизилгенден кийин баарынан көп жакшы номерлер Бишкек шаарында жана Чүй облусунда "ААА" сериясы менен сатылган. Буга байланыштуу кийинки серияларды ачуу зарылдыгы келип чыкты.

Аукциялык номерлерди сатуу ишке киргизилгенден тартып жалпы 6 716 000 сом суммасына 92 комбинация сатылган, алардан 91% өлкөнүн мамлекеттик бюджетине которулат.

Белгилей кетүү керек, сандардын өзгөчө комбинацияларын сүйүүчүлөр үчүн сандардын каалаган комбинациясы менен номерди тамгалардын жаңы сериясы менен сатып алуу мүмкүндүгү пайда болду.

Катышуу жана каттоодон өтүү эрежелери менен төмөнкү видео-нускамадан таанышууга болот: http://nomer.srs.kg/instructions.xhtml

Онлайн-аукциондордун өтө турган күндөрүн nomer.srs.kg сайтынан карап алыңыз!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
08.12.2016. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушул номерлерди саткан акча бир жепжутардын чонтогуно эмес мамлекеттин бюджетине тушооруно КУМОНУМ бар
09.12.2016. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Асман чапчыган кымбат номерлерди алгыча, карыялар, балдар уйуно жардам беришбейби.((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: