super.kg logo
  Саясат  

Саламаттыкты сактоо жаатында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду

 

Бүгүн, 23-апрелде депутат Феликс Кулов, Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагымбаева жана Түштүк Кореянын адистер тобунун жетекчиси Ким Юонг Юеон саламаттыкты сактоо жаатында кызматташуу боюнча үч тараптуу меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет. Феликс Кулов өлкөнүн эң орчундуу тармагында узак мезгилден бери кызматташтык мамиле түзүп, аны андан ары улантууга ниеттенип жаткандыгы үчүн кореялык медицина кызматкерлеринин тобуна ыраазычылык билдирди. Ошондой эле саламаттыкты сактоо министри Динара Сагымбаева кыргыз тарап корей тарап менен өз ара тажрыйба алмашуу, адистерди даярдоо, дарыгерлердин кесипкөйлүк деңгээлин көтөрүү багытында кызматташууга кызыкдар экенин айтты. "Түштүк Кореянын саламаттыкты сактоо тармагында жетишкен ийгиликтерин жакшы билебиз. Өзгөчө медициналык заманбап жабдууларды жасоо, сапаттуу жана өтүмдүү дары-дармектерди чыгаруу жаатында жаңычыл аракеттер арбын. Ошондуктан бул меморандум эки тараптуу алакалардын артышына түрткү берери бышык”, - деди министр. Ал эми Ким Юонг Юеон кореялык дарыгерлер Борбордук Азия өлкөлөрү, анын ичинде кыргыз адистери менен жакындан иш алып барып, тажрыйба бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: