Күрүчтөн табылган өлгөн чычкан боюнча Бишкектеги гипермакеттердин бири шаар тургундарынан кечирим сурады



Буга чейин Бишкектеги гипермаркеттердин биринде сатылган күрүчтөн өлгөн чычкандын чыкканы тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирген. Анда ал: "Фрунзе" гипермаркетине күрүч алганы келип, андан өлгөн чычканды көрүп калдым. Администрацияга айтсак, кош көңүл мамиле жасап коюшту. Мындай көрүнүштөр башка дүкөндөрдө да болуп калышы толук мүмкүн. Андыктан андай нерселердин алдын алыш керек", - деп жазган.
Бул окуянын чынында эле болгонун "Фрунзе" гипермаркеттер тармагынан тастыкташты. Алардын SUPER.KG порталына берген билдирүүсүндө төмөндөгүлөр айтылган:
"Окуя тууралуу ички иликтөө жүрүп, анын жыйынтыгында факт тастыкталды. Учурда күрүч сатыктан алынып, утилизация кылыш үчүн жеткирүүчүгө өткөрүлүп берилди. Ал эми күрүчтүн башка партиясы тыкыр текшерүүгө алынды. Жеткирүүчүгө карата тиешелүү чаралар көрүлдү. Шаар тургундарынан кечирим сурайбыз".


Ошту билбейм бирок Жалал абадда кыргыздар эле остурушот куручту соп сонун кылып эле!
Жараткан Аллах сенин миң айыбынды жашырат дечу беле калпак айланып башка келет андыктан кудай деп эле дурус келет көрсөм алып койуп эч кимге көрсөтпөй анткени эртеңки күнү менида биро ушул абалга салары анык эле
Эми мындай айтылган нерсени баардык эле ситуацияга жармаштыра берсе болбойт да. Коз жумуп кое турган убактар болот,зыян алып келбеген же билбей кылып алган жанылыштыктар дегендей. А бирок мындай нерселерди айтыш, коргозуш керек артынан канча зыян алып келип жатат, ансыз деле канчаларын корбой билбей калып чычкан келемиштер мн табакташ болуп аттык экен. Ооруну жашырсан олум ашкерелейт деп да коюшат го.