КРнын Орусиядагы элчилигинин кызматкери мас абалында полицияга кармалды
18-апрель күнү Кыргызстандын
Орусиядагы элчилигинин кызматкери Шамил Кайкиев Москва шаарында мас абалында унаа айдап бара жаткан жеринен кармалды. Маалыматка таянсак, жол кыймылын көзөмөлдөөчүлөр эреже бузган дипломатиялык номурдагы Ауди А4
унаасын токтотушкан. Мыйзам боюнча дипломатка карата күч колдонуу
болбогондуктан, полиция кызматкерлери “унаанын
дөңгөлөгү жарылып калыптыр” деп айтып айдоочуну унаадан түшүрүшкөн. Унаанын ичинде аталган жарандан башка дагы 3 жүргүнчү болгон. Текшерүү учурунда Кайкиевдин
жанында айдоочулук жана кызматтык күбөлүгү жок болуп чыккан. Мындан сырткары өзүн мас кишидей алып жүргөн. Полиция кызматкерлери ага спирт ичимдигин ичкен же ичпегенин текшерүүнү сунушташканда ал баш тарткан. Бул окуяга байланыштуу атайын протокол түзүлдү. Орусиялык маалымат булактары билдиргендей, аталган
факты боюнча материалдар кыргыз элчилигине жана КРнын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлөт.
Автор: Ширин Турдакунова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
sagun

23.04.2013. 16:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят! Ал кишини тезинен кызматынан бошотуу керек. Кыргызстанда болсо да бир жон, чет жерде кыргыз элинин атынан иштеп аткан сон, озун татыктуу алып журушу керек эле. Ал киши кыргыздарды чет жерде коргозуп иштей адбайт, демек бошотуу керек. кыргыздарды уят кылды.
altyn1707

23.04.2013. 16:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sagun, туура айтасын себеби дегенде, азыр Орусия Федерациясында абал мигранттар учун катаал болуп жатат. Дипломат деген создун маанисин баарыбыз жакшы тушунобуз, ал эми биздин элчиликтегилер жонокой мигранттарыбызга ПРИМЕР болсо болмок. ТВдан корсотушту окендер дароо эле. Уят ко.
LEP888

23.04.2013. 19:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай адамдар бутундой кыршыздын бетин жер каратып журушот, жумуштан алгыла сразу.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.