super.kg logo

Өлкөнүн акушер-гинекологдору өзгөчө кырдаалда төрөт кабыл алуу боюнча билим алышууда

 
Азиз Дозалиев
Арсен Аскеров

Кыргыз өлкөсүндө акушер-гинекологдор өзгөчө кырдаалда төрөт кабыл алуу боюнча билим алышууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 9-декабрда кабарлады.

"Жалпысынан 43 оорукананын 100дөн ашуун дарыгерин окутабыз. Төрөт маалында аялдар көбүнчө кан жоготуудан жана преэклампсияга кабылгандан улам каза болушат же катуу ооруга чалдыгышат. Балдарды жана энелерди коргоо үчүн анализ жүргүзүп же документтерди текшерип гана койбостон, эффективдүү иш-чараларды өткөрүү керек", - деди долбоордун менеджеринин орун басары Арсен Аскеров.

Жайыл районунун аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы Азиз Дозалиевдин айтымында, жыл сайын төрөттөрдүн саны 50-100гө көбөйүп жатат.

"Биз жылына 2500дөй төрөт кабыл алабыз, аялдар көбүнчө кан жоготуудан улам каза болуп жатышат", - дейт Дозалиев.

Ошондой эле бул окуунун алыскы аймакта жайгашкан төрөт үйлөрүнүн кызматкерлерине пайдасы чоң экени белгиленет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
09.12.2016. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушуларга илимди эле уйротпостон ыйманды, боорукерликти, адамгерчиликти да уйротуп коёр киши бар болду бекен ыя?!! Баткен областынын Кызыл-Кыя шаарындагы Торот уйундо кош бойлуу аялдарга кош конул мамиле кылышаарына озум тороп жаткан учурда кубо болдум. Торой турган учур келгенде озун ишенген врачты чакыртып алып, тороп алганын он болот экен. "Ноомотто турган врачтарбы же башкасы, айтор оз милдетин аткарып жаткан кызматкер мени козомолго алып, жардамын берет" деген ишенимде болсок (улан
09.12.2016. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
анда озубуздун жана ымыркайбыздын омурун тобокелге салган болот экенбиз. Тактап айтканда, торот уйунун кызматкерлерине ишеним жок.
09.12.2016. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Копчулугу оз ишинин милдеттерин так билишпейт ,,билишседа аткарбайт .Жоопкерчилик деген жок акчан болсо карашат тыпылдашып , Таласта торогом менинда балам чарчап калган ,окунучтуу ....
09.12.2016. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен 10 кун мурун тородум 4 роддомдо энени баладан болуп койду андан ары олуп тирилип жатканын менени иши жок карашпайт экен. Мен Симфизит деген диагноз менен барып кесарево кылышкан, бутум иштебейт баса албайм даратканага барганга зар болуп же унум чыкпайт аябай азап тарттым.
09.12.2016. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арсен агай бизди да окуткан,рахмат сизге.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: