super.kg logo

Казакстанда каапырларга чабуул жасоого үндөгөн адам соттолду

 

Казакстандагы Актөбө шаардык соту күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине кол салууга жана Орусиядагы каапырларга чабуул жасоого үндөө айыптары менен жергиликтүү тургунду 5 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Актөбө облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 23 жаштагы Нурнияз Саркулов сот тарабынан кастык козутууга жана терроризм актысын ишке ашырууга чакырык жасоого күнөөлүү деп табылды.

Тергөөнүн материалдарына ылайык, Актөбө облусундагы Хобдинск районунун тургуну Саркулов өзүнүн диний көз караштарын таңуулоо максатында августта эки таанышы менен жолуккан. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал радикал исламды карманган. Саркулов тааныштарын каапырларга каршылык көрсөтүүгө үндөп, Сириядагы согушка Орусия себепкер экенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
09.12.2016. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ХХХ заман эмне болуп баратат балдар. Дагы он жылда кандай жаноо болор экен. Биз аларды капыр десек, алар бизди капыр десе, эмне орустар менен, ж.б. каапырлар менен согушуп жатып калабызбы?
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-09 11:55:14
09.12.2016. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
suban78, этика нормаларын сактаңыз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: