super.kg logo

Алепподон 8500дөй жөнөкөй тургун чыгарылды

 

Жоочулардын карамагындагы Алеппонун аймагынан 8500дөй адам чыгарылды, алардын 2900дөйү кичинекей балдар. Бул тууралуу Сириядагы душман тараптарды бириктирүүчү борбор кабарлаганын "РИА Новости" басылмасы жазды.

Мындан сырткары шаардын чыгыш аймактарынан каршылык көрсөтүүнү токтотууну чечкен жоочулар кете башташканы маалым болду.

"14 жоочу курал-жарактарын сириялык аскерлерге тапшырды. Сириянын президентинин чечимине ылайык, алардын күнөөлөрү кечирилди", - деп кабарлаган борбор.

Акыркы 3 жумада сириялык аскерлер Алеппонун чыгышынын 80 пайызын бошотушкан. Ал жактан качкан жоочулар шаардын батышын көздөй качышкан. Алар учурда 10-12 кварталды көзөмөлдөп жатышканы маалымдалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.12.2016. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сириялык аскерлерге Аллаа Таала жардам берип олкосун бардык террордук группалардан ошондой эле душмандардан тазалап алышсын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: