super.kg logo

Мексикада жол кырсыгына кабылган трейлерден 100дөн ашуун мигрант табылды

 

Кечээ, 8-декабрда Мексиканын Веракрус штатында полиция жол кырсыгына кабылган трейлерден 100дөн ашуун мигранттарды табышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Мексиканын Улуттук миграция институтунун маалыматына ылайык, унаада 110 адам болсо, алардын 50дөйү кичинекей балдар. Жол кырсыгынан алардын көбү жаракат алган.

"Трейлерде Гватемаланын 53 жараны, 47 сальвадордук, Гондурастан 6 жана эквадордук 4 жаран табылган. Аларды мыйзамсыз ташыгандар жол кырсыгынан кийин эле келген Федералдык полициядан АКШнын чек арасын көздөй качышкан", - деп жазышкан басылмалар.

Жыл сайын Борбордук Американын тургундары АКШга мыйзамсыз жол менен кирүүгө аракет кылышат. Алардын айрым бөлүгү жергиликтүү кылмыш топторунун колуна түшүп калышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: