super.kg logo

Ош шаарында жаңы 30 автобус пайдаланууга берилди

 

Бүгүн, 9-декабрь күнү Ош шаарына жаңыдан алынып келинген автобустардын ачкычтарын тапшыруу аземи болду. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Шаар мэри жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртуу максатында аткарылып жаткан жумуштар тууралуу маалымат берип, айдоочуларга автобустардын ачкычтарын тапшырды.

“Ош шаарын өнүктүрүү программасы кабыл алынып, шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын бири катары "Коомдук автотранспорттун ишин жакшыртуу" долбоору киргизилген. Анын алкагында 2014-жылы Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы менен "Коомдук автотранспорттун ишин жакшыртуу" келишимине кол коюлуп, жалпы суммасы 9 миллион 600 миң евро, анын ичинен 5 миллион 7 миң евро насыя, 3 миллион 100 миң евро грант түрүндө каражат бөлүнгөн. Анын эсебинен 3 миллион 100 миң еврого 20 троллейбус, 2 миллион 700 миң еврого 24 автобус сатып алуу, 2 миллион 300 миң еврого троллейбустук ДЭПОну жана троллейбустук линияларды реконструкциялоо, 600 миң еврого жол кире билеттерин сатуунун автоматташтырылган эсепке алуу системин киргизүү каралган. Бөлүнгөн каражатка автобустарды жана троллейбустарды сатып алуу боюнча ачык-айкын өткөрүлгөн тендерлердин жыйынтыгында 20 троллейбустун ордуна 23 троллейбус, 24 автобустун ордуна 30 автобус сатып алууга жетиштик”, - деди Айтмамат Кадырбаев.

Автобустар 24 орундуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн пандустар жайгашкан. Автобустарда автоматташтырылган билет сатуу, WI-FI байланыш системи ишке киргизилип, кызмат көрсөтүүнүн жогорку маданияты көтөрүлөрү маалымдалат.

Автобустар 10-декабрдан тарта эки багыт боюнча жүргүнчүлөрдү тейлей баштайт. Ал эми жакынкы аралыкта Ош шаарына жаңы 23 троллейбустун келери күтүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
09.12.2016. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы
09.12.2016. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Маладец
09.12.2016. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кабар
09.12.2016. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кабар...
09.12.2016. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсыл багыттар бойунча каттайт экен, жазып койбопсуңарда
09.12.2016. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
omka100514,озу автобустар Юго-восток- Жапалак, Вокзалдан Юго-востокко каттайтго ошол эле багыт боюнча каттаса керек
09.12.2016. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо жакшы,донгологунун алдынан шамал отуп калкка кызмат кыла берсин эми)))
09.12.2016. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтике омурлуу бол айланаыйн жакшы иш кылдын эми траликтида тездетип жиберчи болбосо анын акчасын неме жеп койбосун!
10.12.2016. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дагы бир кошумчалай кетуучу нерсе автобустардын баардык айдоочулары улуттук кийимде болушат.Онуго бер ордолуу Ош шаарым.
10.12.2016. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
127 ордуна дешетко
10.12.2016. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне учун Жаны автобустар только √12 анан √13 эле, а √2 номерлуу автобус жалан эле Эски автобустарбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: