super.kg logo

"Супер сулуу-2016" наамы менен катар Бали аралына жолдомону Бактыгүл Орозбаева утуп алды

 

23:25. SUPER.KG порталынын 10 жылдык мааракесине арналган концерт “SUPER.KG'ге арноо ыры” менен аяктады. Атайын порталдын 10 жылдыгына карата жазылган ырды Омар, Жийдеш, Баястан, Каныкей жана Нурлан Насип аткарды.

"Супер сулуу-2016" наамын тапшыруу үчүн "Компьютер-Пресс" компаниясынын директору, "Супер-Инфо" гезитин жетектеген Шайиста Шатманова чакырылды. Ал бүгүнкү күндүн жеңүүчүсүнүн ысымын атады. "Супер таажы" менен катар Бали аралына жолдомону Бактыгүл Орозбаева утуп алды. Ага таажыны "Супер сулуу-2013" наамынын ээси Орункүл Шабралиева кийгизди.

"Ажарлуу сулуу" наамынын жеңүүчүсүнө сыйлык тапшыруу үчүн сахнага стилист Замира Молдошева чакырылды. Ал сулууларга "Бүгүн сынакка ар бир кыз жакшы даярданыптыр. Ар бириңер сулуусуңар, жүрөк оорутпагыла" деген кеп-кеңешин айтып өттү. "Ажарлуу сулуу" наамы Айзада Абанбековага тапшырылды.

"Сымбаттуу сулуу" наамына Алтынай Эмилбекова арзыды.

23:10. Сулуулар сынагынын жеңүүчүлөрүн аныктачу мезгил келди. "SUPER.KG ажары" наамы Аида Карабаевага тапшырылды.

22:45. Порталыбыздын 10 жылдыгына арналган кезектеги дуэттердин бири "Жамиля" жаңырды. Ырды Ильяз Абдыразаков менен Эрнест Бөрүбаев аткарды.

"Жарайт Сити" күлкү жаратуучулар тобу сахнага чыгып, элди шаңга бөлөдү.

Ырдоо үчүн сахнага чыккан Нурлан Насип кичинекей күйөрманы менен жолугушту. Ырчы жаш күйөрманынын гүлүн алып, аны кубандырып эстеликке сүрөткө түштү.

22:15. Сулуулар сынагы акырындык менен чечүүчү мезгилине жакындап баратат. Кече көйнөктөрүнүн көрсөтмөсүнө бийкечтер таанылгыс болуп өзгөрүп чыгышты.

22:00. “Кара жоргону” кыргызча аткарам деп Малайзиядан келген коногубуз көпчүлүктүн колдоосуна арзыды. Фарра Фаттахтын кыргыз маданиятына кызыкканы, ырды берилүү менен аткарганы көпчүлүктүн ичин жылытты.

21:55. SUPER.KG порталынын 10 жылдыгына карата мындан 4 ай мурун видеокуттуктоолор сынагы жарыяланган. Куттуктоо жөнөтүп, тандалып алынган 10 катышуучу элдин добуш берүүсүнө коюлган. Алдынкы үчтүккө кирген жеңүүчүлөр дагы концерттин сыйлуу коноктору катары келишкен. Аларга сыйлыкты SUPER.KG порталынын башкы редактору Гүлжан Асанкожоева тапшырды. Добуш берүүдө 3-орунду Бакыт Бекташев, 2-орунду Абиталиф Аринов ээлеген. 1-орунга Жанеля Светюкова жиберген видеокуттуктоо татыктуу болду.

21:45. Ал эми Айгерим Расул кызынын белеги да өзгөчө болду. Ал атайын ушул кечте "Түнкү Бишкек" чыгармасын тартуулады.

Кызыл түстө кийинген Дайыр Исмадияров сахнага Анжелика менен биргеликте чыгып, "Кызыл гүлүм" чыгармасын аткарышты. Ырчылар бир кезде хит болгон ырды SUPER.KG порталынын 10 жылдыгына арнап жаздырышкан.

21:30. Омар сахнага чыкканда алып баруучулардын демилгеси менен чыгармачыл коноктор да бийлешти. "Эгерде эркектер арасында сулуулар сынагы өтсө, Омар жеңишке жетишмек", - деп Эркин Рыскулбеков тамашалады.

21:05. Эрмек Нурбаев менен Урмат Усенов микрофон алып, кайрадан сахнага чыгышты. Демек, “Супер сулуу” сынагынын финалчылары кезектеги тапшырманы аткарышат. Алып баруучулар жар салып, “Супер сулуу” сынагынын финалчыларын чакырышты. Алар аткара турган 3-тапшырма - чыгыш бийин бийлөө. 2 айдан ашык убакыттан бери кыздар кызуу даярданып, бийди өздөштүрүшкөн. Калыстар жана көрүүчүлөр өз баасын беришмекчи.

Кыздар алгач топ менен бийлешти. Андан кийин урма аспаптын коштоосунда жекече бийлөөгө өтүштү. Урма аспапты Хамид Алимов "күүгө келтирип" жатты.

21:00. “Мен Анара эмесмин!” деп жеңелерине чаң салган Асема тасмадагы жигити Мурат менен “Айланайын” аттуу ырды аткарды. SUPER.KG порталына быйыл 10 жыл толгондой эле, Асема менен Съездбекти актёр катары тааныткан “Боз салкын” тасмасына да быйыл 10 жыл болуп жатат.

20:45. Концерттин сюрприздерге бай болору күн мурунтан кабарланган. Бүгүнкү иш-чара эки муундун жылдыздарын бир сахнада бириктирди. Буга чейинки дуэттерге удаа Адилет Азимов менен Гүлнур Сатылганова "Болсочу” чыгармасын аткарышты.

Концертте катарынан дуэттер аткарылууда. Данияр Эрматов жана Айчүрөк Иманалиеванын "Роза гүлү" чыгармасы жаңырды.

20:40. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова менен жаш ырчы Айдана Дека бир кезде популярдуу болгон "Кыздын сыры" ырын аткарышты. Айдана Дека Алина айым менен дуэт ырдоо, аны жаздыруу кызыктуу болгонун айткан. Ырды сахнада аткаруу да ал үчүн кызыктуу болду окшойт. Эл жылуу кабыл алып, аларды кол чабуу менен узатты.

Ага удаа "Биз" тобу менен Аваз Акимовдун үнү обого жаңырды. "Муйдусунан" аталышындагы хит порталыбыздын 10 жылдыгына карата жазылган.

20:30. Асел Турдалиева менен Алихан "Келчи, гүлүм" аттуу ырды аткарышты.

20:25. Сулуулар кезектеги тапшырманы аткаруу үчүн кайрадан эл назарында болушту. Бул тапшырма өзгөчө мааниси бар тапшырма. Ал аялдар да, эркектер де үстүнөн түшүрбөй кийип жүргөн жынсыга байланыштуу болмокчу. Азыр эркекпи, айымбы, кимисинин гардеробун ачпа, жынсыдан шым же дагы башка кийим табууга болот. Кыздар жынсы кийип чыгышты.

20:20. Азырынча ырчылар өнөрлөрүн тартуулап жатышат. Курал Чокоев менен Ильяз Андаш "Сейдакматтын ыры" аттуу хитти аткарып беришти.

Легендарлуу "Биз" тобу азырынча сахнага чакырыла элек. Алар четте карап, концерттин жүрүшүнө көз салып жатышат.

Аяна Касымованын аткаруусундагы "Сүрөтүңө" чыгармасы.

20:00. Бийкечтердин талантына, сулуулугуна, сахнада өзүн алып жүрүүсүнө, келбетине, айтор, бардык жөндөмүнө жараша баа берилет. Алар сахнага дагы да кайтып келишмекчи. Азырынча ырчылар өнөрлөрүн тартуулап жатышат.

19:35. Сахнага чыккан сулуулар тобу менен эл алдынан басып өтүштү. Андан соң кезек-кезеги менен чыгып, өздөрүн тааныштырышты.

Сынак 2007-жылы башталып, алгачкы жеңүүчү Түркиянын Анталия шаарына барып эс алып келген. Андан бери сынак жеңүүчүлөрүнө дүйнөнүн эң керемет экзотикалуу жерлери болгон Египет, Малайзия, Таиланд, Хайнань, Гоа, Шри-Ланка аралдарын кыдырып саякаттап көрүп келүү бактысы буйруду. Эми кезектеги жолдомонун ээси ким болот жана ызгаардуу кышта Бали аралына барып эс алып келүү бактысы кимге буюрат, ага концерттин жүрүшүндө күбө болосуздар.

19:25. Концертти “Супер сулуу” сынагысыз элестетүү мүмкүн эмес болуш керек. "Быйыл бул сынактын жүрүшүн башкаруу милдети Эрмек экөөбүзгө жүктөлгөнүн сыймыктануу менен жарыялайм", - деди Урмат Усенов.

“Супер сулуу-2016” сынагына кезек келди. Бул бөлүктүн алып баруучулары Урмат Усенов менен Эрмек Нурбаев болушмакчы.

19:15. Ырчылардын ичинен сахнага биринчи болуп Жийдеш Идирисова чыкты. Ал бийчилердин коштоосунда "Жаным" аттуу чыгарманы аткарып берди. Андан соң жылдын хит ырларынын бири "Жубайыма" чыгармасы Турдакун Ниязалиевдин аткаруусунда жаңырды.

19:10. SUPER.KG порталынын 10 жылда аткарган иши, жетишкендиктери тууралуу видеобаян көрсөтүлдү. Эл порталдын эмгегин баалап, жылуу кабыл алды.

19:00. Концертте алып баруучулук кызматта Нурзат Токтосунова менен Эркин Рыскулбеков болмокчу. Алар сахнага чыгып, концертти ачык деп жарыялашты.

18:55. Алгач сахнага Эрлан Нанаев чыгып, залды жашыл түскө боёгон лазер-шоу көрсөттү. Андан соң комуз менен скрипканы "сыздаткан" дуэт Назбек Кенчинбаев менен Нурайым Азыкбаева “Маш ботой” чыгармасын өзгөчө стилде аткарып беришти.

Спорт Ордосунда учурда атмосфера шаңдын жогорку чегинде. Сахнанын жасалгасы, музыкалык аппараттардын сапаты, атайын жазылган дуэттер 3 сааттан ашык убакыт аралыгында чогулган элдин кайгы-капасын унуткармакчы. Кеченин коноктору сахна артында эстеликке сүрөткө түшүү менен алек.

"Супер концерт" тууралуу учкай айта кетсек, жылдагы концерттерден айырмаланып, бул жолу түрдүү чөйрөдө жылдын суперлери аныкталбайт. Иш-чаранын "көзүрү" 16 сулуунун "Супер сулуу" наамы үчүн ат салышканы болмокчу. Буга катар ырчылар обон созуп, күлкү жаратуучулар элди шаңга бөлөйт.

18:50. Бүгүн, 9-декабрда Кожомкул атындагы Спорт ордосунда SUPER.KG порталынын 10 жылдыгына арналган концерт өтөт. Жалпы окурмандарга салам айтуу менен бул концерттен онлайн режиминде маалыматтарды жеткирип турмакчыбыз.


кошулду





Супер концерт: Сулуулардын саламдашуусу

Супер концерт: Ильяз менен Курал "Сейдакматтын ырын" созушууда

Супер концерт: Малайзиядан келген Фарра

Супер концерт: Бактияр Токторов, Аваз Акимов - "Муйдусунан"

Супер концерт: Сулуулар

SUPER.KG порталынын 10 жылдык мааракелик концертинен репортаж

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(85)
10.12.2016. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
айзада абанбекова татыктуу болчу,эркекче
10.12.2016. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nur_zhoni чооң рахмат
Медиа-портал
10.12.2016. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
фонограмманы эзишиптир го
10.12.2016. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер концерт болгондо Айжамал, Чолпонай, Айнура учоо атаандашканда Чолпонай утуп кеткенде таң калгамын бир эл оозунда ырдалган ыр жок кыз алып кеткенде, Айжамал Кабылова,Айнура Салахидинова Чолпонайдын 100% жакшы ырдачу тем более ошол жылы Чолпонайдын ыры популярдуу болгон эмес эле
Alixan-Nookat.2015 түзөттү 2016-12-10 14:02:49
10.12.2016. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Аиданын видеосу, суйлогону башка кыздарга караганда ото оригинальный эле.
10.12.2016. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Татыктуу эле татыктуу эмес эле леп калыс боло бербегилечи, Калыстар тобунун деле баштары бар кимге кандай баа беришти билишет, оздоруно жараша баа берет да
10.12.2016. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Мышык майга жетпей сассык дептир дегенсип? Жакшына татыктуу эле болду. Коро албастык кыла бербегилечи бироону сындап!
10.12.2016. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жакшы Таажын кут болсун озун жаш болсондо ийгилик жараттын чынында еле жылдыздуу сулуу экенсин дагы бир жолу куттуктаймын.Ичи тарларга айтайын дегеним оа кыздар сулуу бирок жылдызы жок суук сулуулар екен адам баласы негизи бетинен жылдызы жанып турса нур берип ошол гана сулуу деп айтылат
Медиа-портал
10.12.2016. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Супер kg порталынын 10 жаш туулган куну кут болсун! Концерт супер болду! Чыныгы жыл жыйынтыктоочу мыкты уюшулган жана жогорку денгээлде даярдалган! супер инфонун жалпы жамаатына чыгармачылык ийгилик! Супер сулуу 2016 Бактыгул эн туура деп табылды! Баары топ келишкен!
10.12.2016. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Аида Карабаева утса деп куттум эле
11.12.2016. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жылы ХХХ чыккан эмес го. Бардыгы эле мен ХХХ экен.
Модератор admin_portal түзөттү 2016-12-12 12:07:53
12.12.2016. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
tokitok, этика нормаларын сактаңыз!
11.12.2016. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен деле катышсам болмок экен. Женишти мен утмакмын
11.12.2016. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орункул абдан сулуу кыз! Бах!
11.12.2016. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
концерти да жуктоп койсонор
11.12.2016. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Алтынай татыктуу болчу. Алтынайдан башка сулуу кыз коргон жокмун.
11.12.2016. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Концерти качан чыгат?
12.12.2016. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Alixan-Nookat.2015, такталбаган маалыматты жазуудан алыс болуӊуз. Оозеки эскертүү!
12.12.2016. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
elya...., кимдир-бирөөнү мазактоого жол берилбейт.
12.12.2016. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
nuriwka, crazy.monya, Romantik., Peerisha, tapi4ka, vangolu, порталдын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
12.12.2016. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бактыгүл татыксыз
13.12.2016. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ким татыктуу ким татыктуу эмес концертке келгендер гана айырмалай алышат го дейм.. Менин концертке барган туугандарым Бактыгулго анан Айзадага жан тартышыптыр. Ал эми Алтынайды таанышпайт экен. Ал кыз шоу-чойродо тааныштары коп болуп женем деп озуно ишенип алса керек да. Сахнадан деле озгочолоно албаптыр. Бул жакты бири-биринерди таанышчылык жайынар бар бироонун таламын талаша бербегиле.Мен ойлойм татыктуу эле кыздар женди деп. Мен Айзадага болеть этип жаттым.
Медиа-портал
13.12.2016. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ушунчалык Мирбек Атабековту кутком, он Лучший из Лучших для меня и думала он обязательно будет с Лучшими почему его нет уважаемая администрация, его непригласили или он был занят или в отьезде?
Медиа-портал
13.12.2016. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
LadyB, ал Ошто концертте болдук окшойт го бошобой калса керек да.
Сонун концерт болуптур, дуэттер жакты.
SUPER.KG видео
13.12.2016. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Малазиялык ырчы Фарра Фаттах алып баруучу Кызжибек Раимовага аябай окшош экен...экоо случайно эже синди эмеспи☺
Медиа-портал
13.12.2016. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мирбек Атабековду куттум эле
SUPER.KG видео
13.12.2016. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толук версиясын кутобуз!
SUPER.KG видео
13.12.2016. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айдана Дека озунчо эле зынк го!!! Бийлегени таш го
SUPER.KG видео
14.12.2016. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээйт жаңы
Анжелика жүрөтгоо
Толук версиясы батыраак чыксынчы
SUPER.KG видео
14.12.2016. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооооо сонун супер супер супер
SUPER.KG видео
14.12.2016. 05:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыдамсыздык менен кутобуз. Аябай жогорку денгээлде уюштурулганы корунуп турат. Майрамыныздар менен SUPER.KG порталы
Медиа-портал
24.12.2016. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ толук версиясы качан чыгат жооп берип койсонор боло
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: