Орусиядагы элчилик: "Арыз-муңун айтканы келген жарандарды полиция документтерин текшерип, кайра коё берди"

Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Гүлбарчын Байымбетова арыз-муңун айтканы келген жарандарды полиция документтерин текшерип, кайра коё бергенин SUPER.KG порталына билдирди.
Буга чейин элчиликке арыз-муңун айтканы келген 6 жаранды полиция кармап кеткенин SUPER.KG порталына Москвада иштеп жүргөн Кубанычбек аттуу Кыргыз Республикасынын жараны билдирип: "Москвадагы элчиликке өз укуктарын талап кылып барган кыргыз мигранттарын полиция кармап кетти. Элчилик өзү полиция чакыртып салып берди. Эмне себептен кармап кетишкени түшүнүксүз болууда. Биздин ишенген элчилик ушундай кылса, биз, мигранттар, кайда барабыз? Биздин үнүбүздү ким угат?" -деген болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:57
2025-07-01
Рейтинг:
0

президент
чындыкты
укчу!