Тимати менен MC Doncha "Слёзы текли вверх" ырын чогуу ырдашты

Орус шоу-бизнесинин жылдызы Тимати кыргыз вайнери Данияр Токтомаметов (MC Doncha) менен "Слёзы текли вверх" ырын ырдады. Бул тууралуу Тимати өзүнүн Инстаграмдагы баракчасы аркылуу билдирген. Ал жайгаштырган видеодо "Сүйүктүүм, сага ушул ырды арнайм. Бирок сүйүү тууралуу ырды андан жакшы эч ким ырдай албайт" деп сөздү MC Doncha'га узатат.
Буга чейин Данияр Токтомаметовго таандык бул ырды Казакстандын "Novaliveband" тобу рок жанрында ырдаган. Ошондой эле атактуу орусиялык рэп аткаруучу Jah Khalib менен жолугушуп, аталган ырды чогуу аткарган.
Тимати менен MC Doncha "Слёзы текли вверх" ырын чогуу ырдашты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
7

Молодец жигит экен, атактуу болуп чыга келди. Эми ийгиликтүү болсун баштаган иши.