82 жаштагы пенсионерди сабап, 10 миң сом акчасын алып кеткендер кармалышты
22-апрелде Бишкек шаарында "пенсионерди токмоктоп, тоногон" деп айыпталып 2 жаран кармалды. Алар: 22 жаштагы Р.Ч. жана 34 жаштагы В.Ч. Бишкек шаардык ИИББи билдиргендей, 21-апрель күнү 82 жаштагы В.М. аттуу пенсионер ур-токмоктун айынан денесинен оор жаракат алып, Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталга кайрылган. Анын айтымында, бейтааныш 2 адам үйүнө кирип токмоктоп, 10000 сом акчасын алып кетишкен. Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери тарабынан шектүү адамдар көп узабай колго түштү. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатканы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Сиздерден сураныч. Мумкун болсо ар бир чыккан жанылыктарда, Адамдардын аттарын толугугу менен жазсаныздар. Мисалы кылмышкерлерди жана башка. Анан да суроттору менен же видеолорду жуктоп койсонуздар. Копчулук жанылыктар ушак соз катары корунот. "Super Info" super information- супер кабарлар? Сиздерде супер болбой жатат демекчимин. Б.А.Т.М дегендер? Элдин баары корсун ушуга окшогон кылмышкерлерди! Эчнерсе белгисиз.
Саламатсызбы!
Сунушуузга рахмат! Бирок күнөөсү далилденип, соттун өкүмө чыккыча "кылмышкер" деп атоого болбойт. Андай адамдарды "кылмышка шектүү" деп толук аты-жөнүн атоого тыюу салынат. Ал эми кээ бир кылмышка шектүүлөрдүн аты-жөнү укук коргоо органдарынын уруксаты менен аталат.