Ырчы Гүлзада Рыскулова көз жарды
Ырчы Гүлзада Рыскулова көз жарды. Бул маалыматты ырчынын жакындары тастыкташты.
Маалыматка караганда, ырчы кечээ, 9-декабрь күнү үчүнчү уулун төрөдү. Учурда эне-баланын абалы жакшы.
Ырчы айымга быйыл "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамы ыйгарылган. Ошондой эле ал жакында эле борбор калаадагы "Туңгуч" театрында чыгармачылык кечесин өткөргөн.
Айта кетсек, Гүлзада Рыскулова 2015-жылдын 24-сентябрында экинчи уулун жарыкка алып келген. Анда ал SUPER.KG порталына: "Төрөт жеңил болду. Жеке төрөт үйүнөн көз жардым. Төрөткө эч ким катышкан жок", - деген эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:21
2025-11-10
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео


















Жылына коз жарып турса.
Азаматсын!
Бешик боонор бек болсун!
роза шакирова екоосундой ун жок еч кайсы ырчыда кыргызстанда.