super.kg logo
  Саясат  

Чет жердеги кыргыздарга ар тараптуу колдоо көрсөтүп келген "Замандаш" ассоциациясына быйыл 10 жыл толот

 

Чет өлкөдөгү кыргыздарга ар тараптуу колдоо көрсөтүп келген “Замандаш” ассоциациясынын түзүлгөндүгүнө быйыл 10 жыл толот. Буга байланыштуу аталган ассоциация бир катар иш-чараларды уюштурууну пландоодо. 

10 жылдык мааракени белгилөөнүн алкагында чет өлкөдө да маданий-массалык иш-чаралар өтөт. Атай кетсек, Орусиянын Ярослав облусунда Кыргызстандын маданият күндөрү, “Мен Кыргызстанды сүйөм” аттуу сүрөт сынагы, кыргыз диаспоралары арасында “Ыр кесе” оюн-зоок сынагы,  “Ала-Тоо периси” сулуулар сынагы, “Замандаш” ассоциациясынын кубогу үчүн спорттук таймаштар уюштурулат.

Белгилей кетсек, “Замандаш” ассоциациясы 1993-жылы белгилүү коомдук ишмер, маркум Мухтар Өмүракунов тарабынан негизделип, бүгүнкү күнгө чейин чет өлкөдө күн кечирип келе жаткан кыргыздарга укуктук жактан колдоо көрсөтүп, убактылуу же туруктуу жашай турган жерин тактоодо, миграциялык багыттагы маселелер боюнча юридикалык кеңеш берүүдө жана башка маселелерди чечүүдө гуманитардык, социалдык жардамын көрсөтүп келет. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: