ЖЫЛНААМА, 11-ДЕКАБРЬ: Таланттуу композитор жана аткаруучу Шамшыбек Өтөбаевдин көзү тирүү болгондо, 65 жашка толмок
14 республикалык, 8 эл аралык сынак-фестивалдардын жеңүүчүсү, Кыргыз Республикасынын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери Шамшыбек Өтөбаев 1951-жылы 11-декабрда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Шың-Сай айылында туулган. 2008-жылы "КР Эл артисти" наамына арзыган.Анын аткаруусундагы “Таң сыры”, “Сары-Челек”, “Көл кечи”, “Кыргыз жери”, “Сен менин жазылбаган ырларымсың”, “Сага”, “Фрунзенин теректери” жана башка ырлары элге сиңип, эчак эле эл оозуна алынып, классикага айланган. Андан сырткары “Ат келет”, “Кутман жер”, “Алтын тумар”, “Атама”, “Өмүр - керемет”, “Кыялдагы мырзага”, “Кат жазчы мага”, “Дүрдана”, “Ата Журт” деген ырлары популярдуулугун жоготпой, профессионалдык жогорку деңгээлдеги ырлардын катарында өз ордун тапкан.
Шамшыбек Өтөбаев 58 жаш курагында жүрөк оорусунан көз жумган.
11-декабрга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















