super.kg logo

Алдын ала жыйынтык: Конституцияны өзгөртүүгө шайлоочулардын 80 пайызы "макул" деп добуш берди

 
Саат 13:00гө карата референдумга шайлоочулардын катышуусу тууралуу маалымат
Саат 17:00гө карата айылдык жана шаардык кеңештерге шайлоодо жарандардын катышуусу тууралуу маалымат
Саат 17:00гө карата референдумга шайлоочулардын катышуусу тууралуу маалымат
Саат 20:00гө карата референдумга шайлоочулардын катышуусу тууралуу маалымат

Бүгүн, 11-декабрда саат 20:00дө Кыргыз Республикасында жергиликтүү кеңештерди шайлоо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум аяктады. Бардык шайлоо тилкелери жабылып, учурда добуштарды эсептөө иштери жүрүүдө.

22:00. Бул убакытка карата Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумда берилген 1 199 941 добуш эсептелинип чыкты. Бул жалпы катталган шайлоочулардын 42 пайызын түзөт. БШКнын алдын ала маалыматы боюнча, добуш бергендердин 80 пайызы Баш мыйзамды өзгөртүүгө макулдугун билдиришти, 16 пайызы "каршы" деп добуш беришти. Колдонулган бюллетендердин 4 пайызы "жараксыз" деп таанылды.

21:45. Бул убакытка карата Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумда 942 831 шайлоочу "макул", 182 226 шайлоочу "каршы" деп добуш бергени белгилүү болду. 59 462 бюллетень "жараксыз" деп таанылды.

21:00. Бул убакытка карата Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумда 882 054 шайлоочу "макул", 170 269 шайлоочу "каршы" деп добуш бергени белгилүү болду. 55 685 бюллетень "жараксыз" деп таанылды.

20:40. Бул убакытка карата Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумда 822 360 шайлоочу "макул", 157 147 шайлоочу "каршы" деп добуш бергени белгилүү болду. 51 739 бюллетень "жараксыз" деп таанылды.

20:30. Алдын ала маалыматтар боюнча, Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумда 807 366 шайлоочу "макул", 154 608 шайлоочу "каршы" деп добуш берди. "Жараксыз" деп 50 783 бюллетень таанылды. Референдумда берилген добуштар шайлоо тилкелеринен улам-улам борбордук серверге түшүүдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

20:20. Саат 18:00гө карата Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумга шайлоочулардын 35,5 пайызы катышты.

20:15. Жергиликтүү кеңештерди шайлоого жана референдумга 180ден ашуун байкоочу көз салды. Бул тууралуу маалымат жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Анын айтымында, алардын баары шайлоо жана референдум мыйзамдын негизинде өтүп жатканын айтышып, жогорку бааны беришти.

18:24. Саат 17:00гө карата шаардык кеңештерге шайлоодо республика боюнча 587 619 шайлоочудан 180 747си (30,76 пайыз) добуш берди, айылдык кеңештерге шайлоодо 1 701 032 шайлоочудан 550 645и (32,37 пайыз) катышты. Бул тууралуу маалымат жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

18:15. Саат 17:00гө карата Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумга 2 851 952 шайлоочудан 867 141и (30,41 пайыз) катышты. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда маалымат жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Анын айтымында, мыйзамга ылайык, шайлоочулардын 30 пайызынан көбү добуш бергенде референдум өттү деп табылат.

17:30. Саат 16:00гө карата Баткен облусунда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын 28 пайызы, ал эми референдумга 29 пайызы добуш берди. Маалыматты облустук администрация билдирди.

14:10. Жергиликтүү кеңешке шайлоодо Нарын облусу эң активдүү болууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда маалымат жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, саат 13:00гө карата республика боюнча айылдык кеңештерди шайлоого 85 650 шайлоочу (14,58 пайыз) катышты, ал эми шаардык кеңештерди шайлоого 232 292 шайлоочу (13,66 пайыз) катышты.

14:00. Саат 13:00 карата Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумга 2 851 952 шайлоочудан 393 356сы (13,79 пайыз) катышты. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда маалымат жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Анын айтымында, түштөн кийин жана кечке жуук шайлоочулардын активдүүлүгү күтүлүүдө.

13:50. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум жогорку деңгээлде өтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда маалымат жыйынында Орусиянын Мамлекеттик Думасынан байкоочу Татьяна Алексеева билдирди.
Анын айтымында, орусиялык делегация бир нече шайлоо тилкелерине барып келди. “Эч кандай кемчилик байкаган жокпуз. Борбордук шайлоо комиссиясынын мыкты даярданганы көрүнүп турат. Шайлоочулар жакшы маанай менен участкаларга келишүүдө”, - деди Алексеева.

13:42. Шайлоочулардын добушун сатып алуу боюнча 5 факт катталды. Бул тууралуу маалымат жыйынында ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев билдирди.

13:36. Мурунку премьер-министр Темир Сариев №1045-шайлоо тилкесинен добуш берди.

13:30. "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев добуш бере турган шайлоо тилкесинде да бюллетенди текшерүүчү электрондук аппараттар иштебей калды. Депутат кийинчерээк добуш бере турганын билдирди.

13:20. Бишкектеги №1260-шайлоо тилкесинде "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов добуш берди.

13:10. Айрым эксперттер шайлоодо студенттерди жеке кызыкчылыктарга пайдалануу жүрүп жатканын айтышууда. Рита Карасартова "№-1163-шайлоо тилкесинде добуш берген студенттер унаада отурган кимдир бирөөгө отчёт беришүүдө" деп жазып, социалдык тармактагы жеке баракчасына видео жүктөдү.

12:12. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы №1266-шайлоо тилкесинен добуш берди. Өкмөт жетекчиси Ош облусунун Кара-Кулжа районунда каттоодо турары, тийиштүү документтин негизинде Бишкектен добуш берүү укугуна ээ болгону айтылды.

11:29. Пригородное айыл аймагындагы №7159-шайлоо тилкесинде добуштарды автоматтык текшерүүчү жабдуу бузулуп, шайлоочулар бюллетенди дароо урнага салышууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына айылдык кеңештин депутаттыгына талапкер Бибигүл Бубебаева билдирди. "Эл бюллетенди аппараттан өткөрбөй түз эле урнага салып жатат. Кийин кантип эсептешет, шайлоо өткөнүн же өтпөгөнүн кантип таанышат, билбейм", - дейт талапкер.

11:20. Алмазбек Атамбаев: "Референдумга эң аз дегенде шайлоочулардын 30 пайызы келсе экен деп үмүттөнүп жатам. Эсиңиздерде болсо, мурунку бийликтердин тушунда 110 пайыз болуп кетчү, анткени шайлоолор таза өтчү эмес. Учурда мындай иштерге жол берилбейт. Элибиз шайлоолор таза өтөрүнө ишене баштады".

11:00. Президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги №5-кесиптик лицейде добуш берди.

10:45. №1001-шайлоо тилкесинен добуш берүүчү 480 жарандын 14ү азыркы учурда добушун берди. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Турусалы Супатаевдин айтымында, шайлоочулардын көбү түшкө жакын көбөйөт. Аймактык шайлоо комиссияларынын башчылары азыркы учурда добуш бергендердин аз болушу шайлоочулардын пассивдүүлүгү эмес экенин айтышууда. Бардык эле шайлоолордо элдин келиши түшкө жакын күчөйт.

10:20. Бишкек шаарындагы №1005-шайлоо тилкесинде 56 шайлоочу добуш берди. Бул жерде референдумга 1136 шайлоочу добуш берет. Ал эми Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого добуш берүүчүлөрдүн саны 1086.

10:08. Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Бишкектеги №5-кесиптик лицейде добуш берди.

9:30. Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл аймагындагы №7230-шайлоо тилкесине саат 9:30га карата 10 шайлоочу келип добуш берди. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Фарида Исманкулованын маалыматы боюнча, мында добуш берүүчүлөрдүн саны 1896. Добуш берүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү саат 10:00дөн 13:00гө чейин келерин айткан төрайым: "Азырынча баары жакшы, эч кандай мыйзам бузуулар жок. Байкоочулар көз салып отурушат", - деди.

8:10. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевдин айтымында, кечээ, 10-декабрда имараттан тышкары шайлоо өткөрүлүп, анда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана ооруканада жаткан 11 миңден ашуун жаран добуш берди. "Бүгүнкү күндө республика боюнча 500 адис жана 9 миң оператор иштеп жатат. Мындан тышкары 3 миңге жакын сурап-билүү борбору бар", - деди Сарпашев.

8:00. Бишкектеги 1043-шайлоо аймагында (13-орто мектеби) Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев биринчилерден болуп келип добуш берүүдө. Иш-чара мамлекеттик гимнди жаңыртуу менен башталды. Бул шайлоо аймагында байкоочулар шайлоо процессин көзөмөлдөөдө.


кошулду





Өлкөдө референдум жана жергиликтүү кеңештерди шайлоо өтүп жатат

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(98)
11.12.2016. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Элди тажаттын АША. Жалган баары!
12.12.2016. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
novayariga,АША Акаев менен Бакиевдин кейпин кийгени калды,тынч эле кетпеди
11.12.2016. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Республика бирге чыкты а жаман кабар референдум отуп кети
11.12.2016. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-23
Мен макул деп добуш бердим!! Каршы болгондор таарынбагыла баары бир СДПК АЛДЫДА!
11.12.2016. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
salfego,азамат макул болсон, эми ак уйго барсансага "бир нерсе"бышырып койду.
11.12.2016. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
glaz_almaz, макул анда курсагымды тойгузуп келейин!!
11.12.2016. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
salfego, мен да макул деп добуш бердим, наалыгандар эч жакпайт, омур бою наалып журуп отуп кетсе керек кээбирлер.
12.12.2016. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Namystan,Жыргап жашап аткандай суйлойсунда адамдын канын кайнатып
11.12.2016. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Ишенбейм 80% каршы 16% макул болсо керек алмаштырып койушуптур.
11.12.2016. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
ичим куйуп кетти 80% макул деди десе
11.12.2016. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
референдум отсо конституциянын эмнелери озгорот, эл учун пайдасы барбы жокпу копчулуктун кабары жок! эмне учун себеби озгоргон учурда деле Кыргыз элинин жашоосу онолуп кетпей экономикасы которулуп гулдоп кетпейт , анткени конституция бийлик учун гана озгорот! Антени мыйзам эл учун иштебей калганы анык, шайлоо таза отпошу анык ошол себептен шайлоочулар шайлоого катышкан жок!
11.12.2016. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Каршымын.АША тынч эле кете бербейсинби
11.12.2016. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
80 пайыз дегенге ишенбейт эч ким 51 пайыз десе деле болмок бир аз окшомок! Акырет, ар ким учун жооп беретурган кун келет!
11.12.2016. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Баары калп маалымат, элдин басымдуу болугу каршымын деп добуш беришкенин айтып атышат. Махинация кылышты, адаттарынча
11.12.2016. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Референдум бойунча көпчүлүк элдин түшүнүгү жок экен, эмнеге өтүп жатканын да билишпейт экен, мисалга эле кайын эжем менен кайын иним " ооба" деп белгилеп келдик дейт, неге жокту белгилебедиңиздер десем эмне жөнүндө экннин деле билбейм дешет. Анан жолдошум келип түшүндүрүп берди эле "иии" деп эле отуруп калышты, Референдум өткөрөөрдөн мурда жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек эле.
12.12.2016. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
2020-жылга чейин өзгөртүлбөш керек болчу бул референдум өзү мыйзамсыз, баланын оюунундаүй кылып алышты, дагы 80% дегеничи, эх сабак болбоптур буларга
12.12.2016. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
2020-жылга чейин өзгөртүлбөшү керек эле, бул референдум өзү мыйзамсыз, баланын оюнундай кылып алышты, эх сабак болбоптур буларга
12.12.2016. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
как буд то силер түшүнөсүңөр каршы чыкканда!!! Карапайым калкты ХХХ деп ойлобогула.... Жениөгенди да мтюнга алыш керек.
Модератор admin_portal түзөттү 2016-12-12 09:59:06
12.12.2016. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Botan, этика нормаларын сактаңыз!
12.12.2016. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эх не кылса болот э??? Кыргызда качан таза шайлоо болот э? Бизде качан чындык, акыйкатчылык болот? Кыргызстан качан онолот? журогундо ыйманы жок, кекиртегин тыйлбагандардан качан кутулабыз? Урматуу Алмазбек Атамбаев качан партияныз м-н жок болос э??? Же ХХХ силерди!!!((((( келерки президентик шайлода таза отпошуно козум жети....
Модератор admin_portal түзөттү 2016-12-12 09:57:52
12.12.2016. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Altysh_Boldush, этика нормаларын сактаңыз!
12.12.2016. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл умутун качан актайт экен( жалган бул
12.12.2016. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Шайлоого айылдан катыштым. Баары эле "за" дегенге птичка кобңуздар деп жатышты. Аны түшүнбөгөн улгайгандар, кобунчо аялдар "за" кылып коюшту. Шайлоо таза болбоду.
12.12.2016. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мени шайлоого катыштырбай коюшту.
Мага окшогон беш-алты келиндерди да паспортто корсотулгон айылынарга барып шайлап келгиле деп киргизбей коюшту.
А эмнеге биометрикадан оттук анан?
Менин паспорттогу айылыман куйоого чыгып кеткениме он жылга чукулдап калдыго.
Учетум да ушул айылда болчу.
Такыр тушунбой калдым.
12.12.2016. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Конститутциянын озгоруу себеби бойунча калын эл калайыл калк жонокой жарандар жетишеерлик маалымат алышкан эмес,мызамдарды тебелоо менен аябагандай тездик менен референдум откоруу мыйзамларын кабыл алышты жана референдумду откозушту,бетери калын экен уялбастан эл 80%колдоду деп жатышат уяты жок бийлик тоболдор. Акыры жазаанарды аласынар элди алдап алыс барбайсынар,кудай бар ар ким жаза баскан кадамына суйлогон созуно кудай алдында жооп берет. Атамбаевдин ар бир созуно ишине мен да конулумтолбойт
12.12.2016. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Атамбаевдин созу бойунча референдум отсо мамлекетибизде кой устундо торгой жумурткалап,бизнесмендердин чонтогуно гул ачылат имиш тообо. Аман эсен болсок озгорткон конститутциясы кандай элге пайдасы тийеерин короорбуз. Кааласак да каалабасак да бийликтин махинациясы менен референдумду эл колоду кылышат. Кудай буйруса эртен ажобуз баарына бакиев менен акаев куноолу,эл мына мени колдоду деп адатынча балп этирет.
12.12.2016. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
ушул ящиктерге да коп акча кетти эле.акыйкат жок болгондон кийин жыгач ящик эле иштете бербединерби.чондор баары эле жыртаят.озун маданияттуу алып жургон Путиндей саясатчы жок бизде.
12.12.2016. 05:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
М а х и н а ц и я ! ! ! Ишенбегиле шайлоо жыйынтыгына! Атамбаев адатынча "таза" шайлоо откоруптур, айтып койгула, тушуну сууга айтсын. ХХХ эле ишенбесе, акылы ордунда болгондор эч бири ишенбей калды...
Модератор admin_portal түзөттү 2016-12-12 09:44:09
12.12.2016. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Revolyutsiya, этика нормаларын сактаңыз!
12.12.2016. 05:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бийлик дагы бир жолу элди сызга отургузуп кетти. Учурдагы конституцияны да эч ким колдогон эмес, Ош окуясынан кийин эл эсин жыя албай турган учур эле. 30-40%ке жетпеген явка болуп, эл колдобосо да конституция кабыл алынды эсеп болуп, Роза апженер озун озу президент деп жарыялаган! 2011де да бугункудой "таза" шайлоо болуп Атамбаев озун озу шайлап эл шайлады деп такты басып жыгылган. Эми кайра эле ошол "таза" шайлоо. Эл колдобосо да махинация, коз боемочулук кылып откорушту...
12.12.2016. 06:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
80% абдан көп эмеспи? Ушунтип калп айткандар ХХХ эмеспи? Ким ишенет?
Модератор admin_portal түзөттү 2016-12-12 09:29:47
12.12.2016. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
abdrakhmanovich, этика нормаларын сактаңыз!
12.12.2016. 06:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргыз элимдин ХХХ калк экенин дагы да бир жолу далилдедик!!!
Жергиликтуу кенештерге шайлоо болбогондо Референдумга эч ким кельейт болчу! Мына эми койлор деген атка кондук(((
Модератор admin_portal түзөттү 2016-12-12 09:30:03
12.12.2016. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyzyl-Unkur, порталдын эрежелерин сактаңыз!
12.12.2016. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bakyt9, порталдын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kgэлектрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
12.12.2016. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
stimyl.kg, порталдын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kgэлектрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
12.12.2016. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайлайсынбы,шайлабайсынбы баарибир бийлик озу каалагандай цифра койуп койот.Бизде ишеним жок,вооопще жок тугонгон!!!
12.12.2016. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Шайлоо откоруп деле кереги жок негизи...
12.12.2016. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ch.i.k.a, провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган.
12.12.2016. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Шайлоо таза болгон жок Жана КР болгонда эмес .
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: