super.kg logo

Алдын ала жыйынтык: Конституцияны өзгөртүүгө шайлоочулардын 80 пайызы "макул" деп добуш берди

 
Саат 13:00гө карата референдумга шайлоочулардын катышуусу тууралуу маалымат
Саат 17:00гө карата айылдык жана шаардык кеңештерге шайлоодо жарандардын катышуусу тууралуу маалымат
Саат 17:00гө карата референдумга шайлоочулардын катышуусу тууралуу маалымат
Саат 20:00гө карата референдумга шайлоочулардын катышуусу тууралуу маалымат

Бүгүн, 11-декабрда саат 20:00дө Кыргыз Республикасында жергиликтүү кеңештерди шайлоо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум аяктады. Бардык шайлоо тилкелери жабылып, учурда добуштарды эсептөө иштери жүрүүдө.

22:00. Бул убакытка карата Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумда берилген 1 199 941 добуш эсептелинип чыкты. Бул жалпы катталган шайлоочулардын 42 пайызын түзөт. БШКнын алдын ала маалыматы боюнча, добуш бергендердин 80 пайызы Баш мыйзамды өзгөртүүгө макулдугун билдиришти, 16 пайызы "каршы" деп добуш беришти. Колдонулган бюллетендердин 4 пайызы "жараксыз" деп таанылды.

21:45. Бул убакытка карата Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумда 942 831 шайлоочу "макул", 182 226 шайлоочу "каршы" деп добуш бергени белгилүү болду. 59 462 бюллетень "жараксыз" деп таанылды.

21:00. Бул убакытка карата Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумда 882 054 шайлоочу "макул", 170 269 шайлоочу "каршы" деп добуш бергени белгилүү болду. 55 685 бюллетень "жараксыз" деп таанылды.

20:40. Бул убакытка карата Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумда 822 360 шайлоочу "макул", 157 147 шайлоочу "каршы" деп добуш бергени белгилүү болду. 51 739 бюллетень "жараксыз" деп таанылды.

20:30. Алдын ала маалыматтар боюнча, Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумда 807 366 шайлоочу "макул", 154 608 шайлоочу "каршы" деп добуш берди. "Жараксыз" деп 50 783 бюллетень таанылды. Референдумда берилген добуштар шайлоо тилкелеринен улам-улам борбордук серверге түшүүдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

20:20. Саат 18:00гө карата Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумга шайлоочулардын 35,5 пайызы катышты.

20:15. Жергиликтүү кеңештерди шайлоого жана референдумга 180ден ашуун байкоочу көз салды. Бул тууралуу маалымат жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Анын айтымында, алардын баары шайлоо жана референдум мыйзамдын негизинде өтүп жатканын айтышып, жогорку бааны беришти.

18:24. Саат 17:00гө карата шаардык кеңештерге шайлоодо республика боюнча 587 619 шайлоочудан 180 747си (30,76 пайыз) добуш берди, айылдык кеңештерге шайлоодо 1 701 032 шайлоочудан 550 645и (32,37 пайыз) катышты. Бул тууралуу маалымат жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

18:15. Саат 17:00гө карата Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумга 2 851 952 шайлоочудан 867 141и (30,41 пайыз) катышты. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда маалымат жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Анын айтымында, мыйзамга ылайык, шайлоочулардын 30 пайызынан көбү добуш бергенде референдум өттү деп табылат.

17:30. Саат 16:00гө карата Баткен облусунда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын 28 пайызы, ал эми референдумга 29 пайызы добуш берди. Маалыматты облустук администрация билдирди.

14:10. Жергиликтүү кеңешке шайлоодо Нарын облусу эң активдүү болууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда маалымат жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, саат 13:00гө карата республика боюнча айылдык кеңештерди шайлоого 85 650 шайлоочу (14,58 пайыз) катышты, ал эми шаардык кеңештерди шайлоого 232 292 шайлоочу (13,66 пайыз) катышты.

14:00. Саат 13:00 карата Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумга 2 851 952 шайлоочудан 393 356сы (13,79 пайыз) катышты. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда маалымат жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Анын айтымында, түштөн кийин жана кечке жуук шайлоочулардын активдүүлүгү күтүлүүдө.

13:50. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум жогорку деңгээлде өтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда маалымат жыйынында Орусиянын Мамлекеттик Думасынан байкоочу Татьяна Алексеева билдирди.
Анын айтымында, орусиялык делегация бир нече шайлоо тилкелерине барып келди. “Эч кандай кемчилик байкаган жокпуз. Борбордук шайлоо комиссиясынын мыкты даярданганы көрүнүп турат. Шайлоочулар жакшы маанай менен участкаларга келишүүдө”, - деди Алексеева.

13:42. Шайлоочулардын добушун сатып алуу боюнча 5 факт катталды. Бул тууралуу маалымат жыйынында ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев билдирди.

13:36. Мурунку премьер-министр Темир Сариев №1045-шайлоо тилкесинен добуш берди.

13:30. "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев добуш бере турган шайлоо тилкесинде да бюллетенди текшерүүчү электрондук аппараттар иштебей калды. Депутат кийинчерээк добуш бере турганын билдирди.

13:20. Бишкектеги №1260-шайлоо тилкесинде "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов добуш берди.

13:10. Айрым эксперттер шайлоодо студенттерди жеке кызыкчылыктарга пайдалануу жүрүп жатканын айтышууда. Рита Карасартова "№-1163-шайлоо тилкесинде добуш берген студенттер унаада отурган кимдир бирөөгө отчёт беришүүдө" деп жазып, социалдык тармактагы жеке баракчасына видео жүктөдү.

12:12. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы №1266-шайлоо тилкесинен добуш берди. Өкмөт жетекчиси Ош облусунун Кара-Кулжа районунда каттоодо турары, тийиштүү документтин негизинде Бишкектен добуш берүү укугуна ээ болгону айтылды.

11:29. Пригородное айыл аймагындагы №7159-шайлоо тилкесинде добуштарды автоматтык текшерүүчү жабдуу бузулуп, шайлоочулар бюллетенди дароо урнага салышууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына айылдык кеңештин депутаттыгына талапкер Бибигүл Бубебаева билдирди. "Эл бюллетенди аппараттан өткөрбөй түз эле урнага салып жатат. Кийин кантип эсептешет, шайлоо өткөнүн же өтпөгөнүн кантип таанышат, билбейм", - дейт талапкер.

11:20. Алмазбек Атамбаев: "Референдумга эң аз дегенде шайлоочулардын 30 пайызы келсе экен деп үмүттөнүп жатам. Эсиңиздерде болсо, мурунку бийликтердин тушунда 110 пайыз болуп кетчү, анткени шайлоолор таза өтчү эмес. Учурда мындай иштерге жол берилбейт. Элибиз шайлоолор таза өтөрүнө ишене баштады".

11:00. Президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги №5-кесиптик лицейде добуш берди.

10:45. №1001-шайлоо тилкесинен добуш берүүчү 480 жарандын 14ү азыркы учурда добушун берди. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Турусалы Супатаевдин айтымында, шайлоочулардын көбү түшкө жакын көбөйөт. Аймактык шайлоо комиссияларынын башчылары азыркы учурда добуш бергендердин аз болушу шайлоочулардын пассивдүүлүгү эмес экенин айтышууда. Бардык эле шайлоолордо элдин келиши түшкө жакын күчөйт.

10:20. Бишкек шаарындагы №1005-шайлоо тилкесинде 56 шайлоочу добуш берди. Бул жерде референдумга 1136 шайлоочу добуш берет. Ал эми Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого добуш берүүчүлөрдүн саны 1086.

10:08. Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Бишкектеги №5-кесиптик лицейде добуш берди.

9:30. Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл аймагындагы №7230-шайлоо тилкесине саат 9:30га карата 10 шайлоочу келип добуш берди. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Фарида Исманкулованын маалыматы боюнча, мында добуш берүүчүлөрдүн саны 1896. Добуш берүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү саат 10:00дөн 13:00гө чейин келерин айткан төрайым: "Азырынча баары жакшы, эч кандай мыйзам бузуулар жок. Байкоочулар көз салып отурушат", - деди.

8:10. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевдин айтымында, кечээ, 10-декабрда имараттан тышкары шайлоо өткөрүлүп, анда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана ооруканада жаткан 11 миңден ашуун жаран добуш берди. "Бүгүнкү күндө республика боюнча 500 адис жана 9 миң оператор иштеп жатат. Мындан тышкары 3 миңге жакын сурап-билүү борбору бар", - деди Сарпашев.

8:00. Бишкектеги 1043-шайлоо аймагында (13-орто мектеби) Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев биринчилерден болуп келип добуш берүүдө. Иш-чара мамлекеттик гимнди жаңыртуу менен башталды. Бул шайлоо аймагында байкоочулар шайлоо процессин көзөмөлдөөдө.


кошулду





Өлкөдө референдум жана жергиликтүү кеңештерди шайлоо өтүп жатат

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(98)
11.12.2016. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ушу комменттерди окуп аткан ээээн эле чондор,айтып койгулачы ылдыйкы тепкичтегилерге,шеф-пеф дегендер чала бербесинчи адам тап деп,жанымды чыгарып.План толбосо мен эмне уйуно барып ээрчитип келейинби шайлоочуларды .Кыскасы,чалышпасынчы токтоткула кол алдынардагы мамлекеттик мекеменин начальниктерине айтып койгулачы,болору болду
11.12.2016. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Сканерлер бир жерде иштебей калсын,экинчи- учунчу жерлерде иштебей калсын ,азыркы тушкон маалыматтарда почти баардык жерлерде бузулуп ,иштебей жатат деген билдируулор келип жатат,буга кандай тушунсо болот.1 класстагы окуучу деле эртенки сабакка даярданып анан мектепке барат эмеспи.А бул чоон эле инсандардын кылган ишин кара ай мурунтан баарыбызга белгилуу элего ушул кун эмнеге даярдык корушподу,бул жерде оздорунун жаман ойлорун ишке ашыруу же болбосо оз ишине кайдыгер мамиле жасагандыгы.
11.12.2016. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Мен дагы каршымын!!!!
11.12.2016. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Референдумга каршымын а Республика алга!
11.12.2016. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
ХХХ ХХХ тойгозду ушул бийликтегилер бут баары тажатты, ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2016-12-11 15:48:32
11.12.2016. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-21
Adilet92,
Эскертүү!
1. Этика нормаларын сактаңыз!
2. Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
11.12.2016. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
admin_media,менин билдируум кана?
11.12.2016. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
madina.87,
Саламатсызбы! Шилтеме: http://www.super.kg/comments?action=janylyk&user_id=272168
11.12.2016. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Менин жашаган дарим менен паспортумдун данныйы туура келбеди ошондо шайлоого кирбей каламбы
11.12.2016. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Башынарды орутбагыла кыргызстанда качан чыныгы шайлоо болгон
11.12.2016. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Каршысынбы каршы эмессинби, шайлайсынбы шайлабайсынбы баарысы эчак чечилип койсо керек менимче. Кыргыз жеримде болуп жаткан чондорубуздун жоруктарын анын ичинде конституциянын оргиналын жоготкондору эгер жанылышпасам, иииий койгулачы. Кандай ойлойсунар билбейм, эгер Кыргызстан Орусия менен чектеш болгондо мындай шылдындан коро Чечня, Дагестандай кылып кошуп ле алса деп ойлой берем. Карапайым элдин жашоосу онолмок ошондо ишенип койгула.
11.12.2016. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
МАЛЫШ,чындыгында "малыш" экенсиң! ! Өзүң эле кошулуп жашай бер орустар менен! !!
11.12.2016. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-18
Менимче бул демилгени колдош керек. Аябай аракеттер көрүлдү, бирок эл пассивный катышып жатат. Биз макулбуз!!! Айтылган убадалар аткарылып, өзгөрүлгөн баш мыйзам журтка жакшы жашоо, элге жетишкендик алып келсе деп ниеттенебиз....
adilet...97 түзөттү 2016-12-11 16:43:44
11.12.2016. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Кечке жуук эл көп келиши күтүлүүдө деп коёт. Келбейт эми бул жагын өздөрү окшоштуруп коюшатда жер жерлерде сканер бузулдуну шылтоо кылып
11.12.2016. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Конститутциянын озгорушуно 100% каршымын!!!
Дегеле Атамбаевдин иш аракетине саясатына,эч конулум толбойт.
11.12.2016. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Референдум отпой калса Сарпашев.т иштен кететко.
11.12.2016. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Конститутцияны озгортууну оз алдынча откозгондо эч ким келмек эмес экен. Бул жагынан бийлик акылдуу болуп кетиптир.
11.12.2016. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Москва бойюнча жокко маалымат мен 12 лерде барып оз добушумду бердим каршымын деп анткени мен озгоро турган беренедерди кобун билбей Бир эки эле беренени билдим Жана Москва шайлоо участакдагын сыртында эч жаазуу жок номир реферомдун бойнчада корсотулгон полиция кызматкерлери корсотуп атат бул жерде деп и Эл деле жок болчуу
11.12.2016. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Менин ордума ким барып шайлады экен кызык кантип билсе болот экен хахахаа
11.12.2016. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Магада Алмазбек Атамбаевдин саясаты жакбайт мен каршымын Конституцияны озгортконго кыргызстанда 80 90% эл каршы Конституцияны өзгортконга анан кантип отту деп эсептелет
11.12.2016. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Кайда караба компьютер бузулду урна бузулду дейт. Демек шайлоо таза откон жок!
Референдумга баары эле кпршымын дейт эртен референдум отту деп чыкпаса эле болду
11.12.2016. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Мен каршы добуш бергем,бирок бул реферерендум алдын эле отту деп табылган.Бийлик мамлекеттин ишиде иштегендерди,студенттерди расса кысым кылышты
11.12.2016. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Мен дагы каршымын!
11.12.2016. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
алдын ала макул деген добуштар коп дегени. 807мин добуш макул экен ишениш кыйын компьютер эле макул деген добуштарды кобойтуп таштады го менимче

11.12.2016. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
шайлоо таза откон жок
11.12.2016. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Элдин баары эле референдумга каршы болуп жатышкан,формально отту кылып коюшту.Мен саат 3-4 то барганда эл жок суз болуп жаткан.Мен да каршы добуш берип келдим.
11.12.2016. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кеч киргенде добуштар сатылдыго чиркин
11.12.2016. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мен деле каршымын!!!!
11.12.2016. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Электрондук болгондон кийин неге жыйынтык кечигип жатат.
11.12.2016. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
макулмун деген адамды жолуктурган жокмун тегерегимден бирок отту.Хотя бы 45%десе болмок 70%эл каршы 30%макул ушул менен откоруп ийиштиви .
11.12.2016. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чындыгында мен карышымын дегендер жаллаң эле. Анан каяктан макулдар көп болот. Примерно 20 кишиден опрос кылдым. Же совпадениябы? Болушу мүмкүн эмес.
11.12.2016. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
100% шайлоо таза болгон жок ким кошулат.
11.12.2016. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
макулмун деген адамды корбодум
11.12.2016. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
мен да каршымыыын !!!!
11.12.2016. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Урматуу Президент.Эл таза шайлоого ишене баштады деп, элдин атынан сүйлөбөңүз. Элдин аз барганы ишенбегени деп билиңиз.
11.12.2016. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
bekbolot929312, элдин атынан шайланса элдин атынан суйлойт да! Укук таануу сабагын окудун беле мектептен
11.12.2016. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
salfego, Сага сөз жок. сөздү маанисин түшүнүп анан жаз.
11.12.2016. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
bekbolot929312, кыскасы ыйлап отурбай шайлоого барып келбейт беленер! Явка 30 % бул аз ! Балким ушул суперде отургандар барсанар каршы деген добушту чогултуп келмексинер! Эми айла жок !
12.12.2016. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
salfego,эл референдумга барбаганынын негизги себеби : референдумга барсан деле барбасан деле жыйынтыгын баарибир бурмалашат. таза шайлоого эч ким ишенбей калды. ошондуктан барганыбыз менен без толку деп барышпады
12.12.2016. 05:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
salfego, сенин "шефинди" эл шайлабай эле озун озу шайлап алса, айтат да эл акыры. Мына коомчулуктун басымдуу болугу конституцияга озгортуу киргизууго каршы болуучу, анан кантип добуш бергендердин 80%ти макул болот, ушул шайлоо жыйынтыгына ким ишенет айтчы?! Биринчиден ошол бюллетендерди башынан калыс санап чыксак кол менен, чындык ортого чыгат, бирок бюллетендер алмаштырылбаса.
Экинчиден явка 50%ке да жетпеген сон, шайлоо менен референдумдун жыйынтыгын таануу туура болобу?!!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: