super.kg logo

Сокулуктагы №7241-шайлоо тилкесинде айрым учурларда аппараттар иштебей калууда

 

Сокулук районунун Фрунзе айыл аймагындагы №7241-шайлоо тилкесинде 100гө жакын адам шайлоого катышты. Шайлоонун жүрүшүн укук коргоо кызматкерлери, "Тез жардам" кызматы, ошондой эле байкоочулар көзөмөлдөп турушат. Айрым учурларда аппараттар иштебей, 5-10 мүнөткө чейин күтүп калып жатышты.

Байкоочу Залкар Бабыров: "Байкоочу болуп отурам. Баары тартиби менен жүрүп жатат. Тизмеден өзүн таппай калгандар жок", - деди.

"Бул шайлоо тилкесинде 8 мандатка 28 талапкер ат салышып жатат. Айрым учурларда эле аз убакытка аппараттар иштебей калып, ал учурда 10дой адам кезек күтүп калууда. Мындан сырткары шайлоочу бардык процедурадан өтүп, бирок чек чыкпай калган учурлар катталды", - деп билдирди 7241-шайлоо тилкесинин төрайымы Алтынай Дакинова.

Белгилүү болгондой, аталган шайлоо тилкесинде 1712 шайлоочу бар.

"Кабинада добуш берип жаткан шайлоочуга көрсөтмө берип жаткан бир эреже бузууну байкадым. Ага эскертүү берилди", - деди байкоочу Улан Оморалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
11.12.2016. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
таш-комур шаарында дагы апаратары иштебей 40 муноттон ашык шайлоочулар кутушуп чыдамы кеткендер шайлабай кетип калышты
11.12.2016. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оа бугун бизда шайлоого бардык Ошто Филфакта болду , эрте менен кураторлор чалып келгиле келгиле деп жатты, келсек декан озу регистрация кылып жатыптыр, анан кирсек очередь экен бир саат кутуп зорго кирдик
11.12.2016. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне баардык жерде эле бузулуп жатат апараттар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: