Баткен облусунда шайлоочулардын 40 пайызы добуш берүүгө катышты
Баткен облусунда шайлоочулардын 40 пайызы добуш берүүгө катышты. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда SUPER.KG порталына өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкери Алимбек Матмуратов билдирди.
"Баткен шаарында ички жана тышкы миграцияга кабылгандар көп. Мындан улам шайлоочулар аз. Учурда саат 18:00гө карата шайлоочулардын 40 пайызы гана добуш берүүгө келди. Саат 20:00гө чейин 50 пайыздан ашат. Шайлоо тилкелеринде эреже бузуу фактылары катталган жок", - деп билдирди Матмуратов.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунда 200 шайлоо тилкеси бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-02

Рейтинг:
0

бул жерде миграциянын тиешеси жок. Ошол жерде жашап эле барбай койгондор болду. Канча ишенип шайласак ишеничибиз акталган жок, эми акталмак беле деп барышпай калды