super.kg logo

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык балаты орнотулууда

 

Бишкек шаарын Жаңы жылга карата кооздоо башталды. 10-декабрдан тарта "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн башкы балатысы орнотулуп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аны 19-декабрда жандырышат. Бийиктиги 25 метрге барабар болгон жаңы жылдык балатыны "Бишкек свет" жана "Тазалык" ишканалары орнотушууда. "Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасы Кароосуз калган балдарды реабилитациялоочу, Балдарды социалдык жактан адаптациялоочу, "Айданек" реабилитациялоочу жана Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин реабилитациялоочу борборлорунун аймактарына 4 метрлик балатыларды орнотушат", - деп айтылат маалыматта.

Мэриянын мыкты жасалгалоо боюнча жүргүзгөн сынагынын алкагында балатылар орнотулмакчы. Ленин районунда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын имаратынын жанында 15 метрлик балаты орнотулду. Ал эми "Ош базарынын" аймагында 5 жаңы жылдык балаты орнотулат. 1-Май районунда Панфилов атындагы сейил бакта, Свердлов районунун Шабдан баатыр жана Чүй кең көчөсүнүн кесилишинде да балатылар орнотулары маалым болду. Октябрь районундагы Д.Асанов атындагы сейил бакта 11 метрлик балаты орнотулду. Сейил бактын аймагында жаңы жылдык жарманке өтмөкчү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
12.12.2016. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшылаап шашпаай кургула,дагы кулап тушпосун!!!
12.12.2016. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жаны жыл быйыл озгочо болотго дейм
12.12.2016. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ularik_kg,Туура айтасын Жаны Жыл быйыл Атамбаевке жана КСДПга озгочо шамдуу отот себеби КСДП шаардык кенештерде алдынкы ордунда ал эми Атамбаетин конституциясы шайланды.Корбуз эми эмки жылы жаны конституция менен жыргал жашоону
12.12.2016. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KGstan1981,Ажобуз учун озгочо жыл
болот..майрамдаса керек. 50х50
12.12.2016. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Биздин ёлканы 2 эле адам жасап койобу
12.12.2016. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ali-han,ошол эки адамга 1000 сом аран акча болунгонго дейм 500 дон
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: