super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 12-ДЕКАБРЬ: 104 жыл мурун көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Абды Сүйөркулов төрөлгөн

 

Кыргыз өлкөсүнүн экономикасынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Абды Сүйөркулов 1912-жылы 12-декабрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Торкен айылында жарык дүйнөгө келген.

1947-жылдан 1969-жылга чейин "Кетмен-Төбө" колхозунда башкарма, Жалал-Абад облусунун Аткаруу комитетинин төрагасы, Кыргызстан Коммунисттик партиясынын экинчи катчысы, Жогорку Кеңештин төрагасы, 1950-жылдан 1958-жылга чейин Министрлер кеңешинин төрагасы болуп кызмат өтөгөн. Абды Сүйөркулов ардактуу эс алууга чейин 10 жыл соода министри болуп турган.

Ал эки жолу Ленин, эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган. СССР Жогорку Кеңешине үч ирет депутат болуп шайланган. Анын жетекчилиги учурунда 600 чакырымга созулган Бишкек-Ош жолу, 3 чакырымдан узун Төө-Ашуудагы тоннель курулуп, ири завод-фабрикалар салынган.

Мамлекеттик ишмер 1992-жылы 10-октябрда көз жумуп, 9 жылдан соң, 2011-жылы 2-ноябрда Бишкекте анын эстелиги орнотулган.

12-декабрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: